Menu

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: “500 сомго ырдаган ырчылар көбөйдү”

Бөлүшүү:

Учурда жаштар арасында Гүлсүн Бостонкулованын ырлары аз-аздап хитке айланып келе жатат. Күйөрмандары көбөйүп, өзү таанылып келе жаткан ырчы менен күйөрмандарына кененирээк тааныштыруу максатында маекке тарттык.

—Гүлсүн айым, учурда Гүлжигит Сатибеков менен гастролдоп жүрүпсүздөр, элдин келүүсү кандай?

—Гүлжигит Сатибеков Бишкекте үч күн концерт бергенин билесиздер да. Концертке мен да катышып ырдадым. Абдан жакшы өттү. Азыр да Гүлжигит менен биргеликте Кыргызстанды кыдырып чыгалы деген пландарыбыз бар. Буюрса Балыкчы, Кара-Кол шаарларына концерт коюп жатабыз, андан кийин Талас, Жалал-Абад шаарларына өтүп кетебиз.

—Канча убакыттан бери Гүлжигит менен иштешип жатасыз?

—Аз эле болду. Дуэт жаздыргандан кийин эле мамилебиз уланып кетти. «Ваау» деген дуэтибизге клип тарталы деген да максаттарыбыз бар. Чыгармачылык сапарыбыз менен бирге дагы көп идеялар менен келебиз деп ишенип турам.

—Маданият үйлөрүнүн шарттары бар бекен?

—Баары дебейм, бирок көп жерде маданият үйлөрүнүн абалы аябай начар экенин айтпасам деле билесиздер. Муздак, гримдөөчү жайлары жок. Өзүбүз боёнуп, кийинип чыгуудабыз. Албетте бул ыңгайсыздыкты карабай элге шаңдуу маанай тартуулайлы дегенбиз. Анын баарын ишке ашырууга аракет жасап жатабыз. Мындан сырткары клип тарта кетели деген планыбыз дагы бар.

—Клип тартууда суунун жээги, сулуу кыз, кымбат машинаны гана колдонушат. Башка нерсе колдонсо болбойбу?

—Биз башкача кылалы деп сценаристтер менен иштештик. Буюрса, элдин табитине ылайыктуу, таптакыр башкача клип болот деп сөз берем.

—Ырчылар «сүйдүм, күйдүм, сенсиз жашай албайм» деген тексттер менен элди ирээнжитип жатышат. Макулсузбу?

— Ар бир ырчынын өзүнүн табитине жараша тандоосу болот эмеспи. Менин репертуарымда деле «менин махабатым, сенин махабатың» деген саптардан турган ырларым бар. Эми сүйүү тугөнбөгөн тема. Ата-эне, бир туугандарга болгон сүйүү жөнүндө деле ырларыбыз көп. Тексттерди карабай калдык дебейм, ырдоодо дайыма талдап алабыз. Ушуну ырдайм деп эле берген текст менен чыгып албайбыз да.

—Фонограммасы жок ырдай алам деп үнүңүзгө ишенесизби?

—Ооба, фонограммасы жок ырдайм.

—Ырчылар бир тойдо 500 сомго деле ырдап кадыр баркын кетирип жатышат дешет. Сиздин ставкаңыз канча?

—500 сомго ырдаган ырчылар абдан көбөйүп кетиптир. Жар-жар айткандар дагы жок эмсс, муну жашырууга деле болбойт. Албетте 500 сомго тойго барып ырдабайм. Бирок мага баланча төлөсөңөр гана барам деп, баамды деле көтөрбөйм. Той ээсинин шартына карап акчасын айтабыз.

—Үн таптоо үчүн кандай кам көрөсүз?

—Башкалардай муздак суу ичпей, балмуздактан баш тартып, үнүмдү бапестебейм. Качан ырдасам үнүм ошондо ачылып кетет, Кудайга шүгүр.

—Качан жеке концертиңизди берейин деп ойлойсуз?

— Мен акын, жазуучу Маматибраим Бостонкуловдун кызы болом. Былтыр атам экөөбүз «Ырда кызым» деген аталыштагы концерт берели деп даярданып жатканбыз. Тилекке каршы атам сентябрь айында инсульт алып, төшөктө жатып калды. Ошондуктан концертти бир аз жылдырып турууга аргасызмын.

—Атаңыздын ырларын көбүрөөк ырдаганыңызды байкап жүрөм?

—Атамдын көмүскөдө жаткан толтура ырлары бар. Ал ырларды өзүм ырдап элге жайылткым келет. Учурда сөзү, обону атама таандык «мейли тагдыр, мага башың ийбегин, медер туткан балдарыма тийбегин» деген керемет саптары бар «Тагдырга» деген ырды өзүм ырдап жүрөм. Бирок өзүмчө ырларды жаздырып ырдаганга да аракет жасайм.

Маектешкен: Сезим Мураталисва

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: