Menu

Элдар Аттокуров, КТРК башдиректорлугуна талапкер: “Жыпар Жекшеев отставкага кетиши керек!”

Бөлүшүү:

Кечээ “Акипресс” маалымат борборунда КТРКнын башкы директорлугуна талапкер Элдар Аттокуров (Добулбас) маалымат жыйынын өткөрдү.

Элдар Аттокуровтун (Добулбастын) айтуусу боюнча КТРКнын Башкы директорлугу үчүн кабыл алынган документтерди кабыл алууда уюштуруучулук жактан шалаакылыктар болгон.

“КТРКнын Байкоочу кеңеши документтерди кабыл алып жатканда эле тапшыруучунун жана кабыл алуучунун колдору коюлуп кабыл алынышы керек эле. Бул документтердин толук келгени жана келбегени тууралуу так маалымат болмок”, – деди талапкер.

“Кепилдик каты жок 10 талапкерди экинчи турга өткөрүү боюнча добушка коюп, көпчүлүктүн добушу менен алар өтпөй калган. Чечим кабыл алынган. Чечим кабыл алынса дагы экинчи жолу добушка коюп, өтпөй калган 10 талапкердин документтерин толуктап келип экинчи турга катышуу үчүн өткөрүүгө добушка коюп, өтсүн деген экинчи чечим чыгарды. Биринчи чечимди жокко чыгарууну добушка койгон жок. Юридикалык жактан бир маселеге эки чечим чыкты, бул – укутук нигилизм”,- деди Добулбас.

“Ошол эле учурда, документтери кандайдыр бир табышмактуу, сыйкырдуу себептерден толук болбой калган 3 талапкердин документтери дискриминацияга дуушар болду. Документтери толук өткөн 9 талапкердин укуктары тебеленди. Жогорудагы уюштуруучулук жана чечим кабыл алуудагы билимсиздиги үчүн биз соттон жолгушканга чейин Жыпар Жекшеев Байкоочу кеңештин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетүүгө тийиш”- деди Добулбас.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: