Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 884 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 708 — чоң адамдар жана 176 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
1 Жарлыгы 709 адамды (анын ичинен 558 — чоң адамдар жана 151 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ