Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын облустардын биринде өткөрүлүп турат

Бөлүшүү:

“Республикалык көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

“Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас атабыздын ыйык Ордосу болгон Манас Ордодо – Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: