Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ош – Баткен – Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктады, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталды, жаңы көпүрөнүн курулушу 85% аяктады, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

Ислам өнүктүрүү банкы реконструкциялоонун донору болуп саналат. Курулуш иштериндеги техникалык көзөмөлдү «Спектрум Инжиниринг Консалтантс» (Ливан) консультативдик компаниясы ишке ашырууда. Курулуш иштерине 12 даана жол куруу техникалары жана 62 жумушчу тартылган.

Министр Жанат Бейшенов белгиленген мөөнөттө пландаштырылган курулуш иштерин жыйынтыктоо үчүн конкреттүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: