Menu

Турапов кайрадан туурга конду

Бөлүшүү:

Кыргыз эл артисти Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Атпай кыргыз элине белгилүү инсан менен жолугушуп, маектешип, алдыдагы ой-максаттарын билдик. Маектешибиз туурасында көп сөз айтуунун зарылчылыгы жок. 1959-жылы Ош областынын Кара-Суу районунда төрөлүп, кийин таланты такшалып, өзүнүн мукам авазы менен кыргыздын вокал жанрын дүйнөгө таанытып, учурда элибиз сыйлаган чыгармачыл талантка айланып олтурат.

—Керим ага, сиз жетекчи болуп келээриңиз менен көпчүлүктүн көңүл борборуна түштүңүз, өзүңүз бул кызматты кандай кабыл алдыңыз?

—Эми мен буга чейин деле мындай жетекчилик кызматта иштегенмин. Ар бир иште чоң жоопкерчилик бар жана талыкпаган эмгек керек. Айрыкча өнөр адамдарына кам көрүү, башкы маданий борбордун ишин алга жылдыруу – бул оңой иш эмес. Сунуш түшкөндөн кийин ошол оор жүктү аркалап, эмгектенейин деп чечтим. Калганын убакыт көрсөтөт да.

—Акыркы иштеген жериңиз Кыргыз улуттук филармониясы болду. Ал жерде тынымсыз эмгек аркылуу негизги маданият очогубузду жогорку деңгээлге көтөрүп кетти деген пикирлер айтылып жүрөт.

—Мен эми өзүмдү мактагандай болбоюн, бирок филармонияда бир топ иштер жасалган. Өзүңөр билесиңер филармонияда тазалык, тартип, ремонт иштери аксап, борбор шаарыбыздын башкы сыймыгы болбой эле, катардагы маданий мекеме катарында кызмат кылып калган. Майда барат иш-чаралар өткөрүлүп, жада калса кинофильмдер көргөзүлүп турчу. Ал эми залда олтурган көрүүчүлөргө көзөмөл жок болуп, тартип маселеси начарлап кеткен. Жамаат менен бирдикте иш алып барып, ушул маселелердин баарын жолго салганбыз. Имараттын ремонт иштеринен тартып, артисттер үчүн бөлмөлөрдү, жылуулук маселесин, техникалык жабдуулардын баарын талапка жооп бере турган абалга алып келдик. Бүгүн филармониянын статусун, анын аброюн көрүп, кээде сыймыктанып кетем.

—Демек, академиялык опера жана балет театрын да ошол деңгээлге жеткирем деген ой-максаттарыңыз болсо керек.

—Туура айтасыз, кандайдыр бир деңгээлде ошондой ой-максаттар да бар. Бирок, бул жер опера, балет өнөрү болгондуктан, репертуардык саясатка көп көңүл буруу зарыл. Дүйнөлүк классикалык балет жанрын эске алуу менен кыргыздын элдик колоритин камтыган опера жана балет өнөрүнө барышыбыз керек. Кандай болгондо да биздин койгон чыгармаларыбыз кыргыз жыттанып турушу керек. Мындан тышкары жогоруда мен айтып кеткен тазалык, ремонт жана тартип маселелери бар.

—Керим ага, эми акыркы суроомду узатайын, борбордо музыкалык балдар мектебин ачсам деген максатыңыз бар эле, ушул багытта сиздин оюңуз?

—Ооба, менин кадимки мамлекеттик программа менен сабак берүүчү музыкалык мектеп ачуу ниетим бар эле. Анда окуучулар ошол жерде жашап, музыканын миң сырдуу өнөрүнө жаштайынан тарбияланып, билим алышмак. Бирок, бул максатым учурда ишке ашпай турат. Мектеп куруу үчүн Бишкек шаарынан мыйзам түрүндө сатып алган жер участогумду буга чейин сот бийлиги чечим чыгарып, тартып алган. Башкача айтканда, рейдерлик жол менен басып алышты десем болот. Ошондуктан, бул кызматка дайындалганымда мени массалык-маалымат каражаттары аркылуу жер, маселеси боюнча күнөөлөшкөндөрү туура эмес. Мен аны мындан эки жыл мурда эле өткөрүп бергенмин.

—Рахмат, жаңы кызматыңызда ийгиликтер болсун.

Маектешкен: Самара Саламатова

Булак: «Багыт»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: