Menu

Карыпбеков ордуна калуу үчүн аракеттенет

Бөлүшүү:

Кыргыз телерадиоуктуруу корпорациясынын башкы деректири Илим Карыпбековдун мөөнөтү бүтүп, эми жаңы деректир шайланат экен…

Илгери мен дагы телерадиодо иштеп калдым, бир убагында адабий-драмалык көрсөтүүлөрдүн башкы редактору да болдум. Ошол ишимде кыйраткан деле жокмун, эл катары кылдырадык да. Мен иштеп жүргөн кезде ал жерде ашкан-үшкөн адамдар оголе көп болчу. Көптүгү айлык алган кездеги чубалган кезектен билинчү. Ашып кеткен эч нерсеси жок ар кандай темадагы кызыксыз көрсөтүүлөр менен эфир толуп, журналисттер тааныштарын чыгарып, кээ бирлери көрсөтүү тартканда бир нерсе алып, мисалы, айыл чарбасын тарткандар машинасына жем, ун, кой-козу жүктөп кайткан убак көп эле болчу. Анан чыгармачылыкта иштеген адамдардын жарымынан көбүнүн билими тайкы, а турсун телерадио комитети эмне деген негизги ишти аркалайт экенин да билчү эмес. Ушак-айың өкүмүн жүргүзүп турчу. Эми бул жаатта сөз көп…

Бир ирет Мелис Эшимканов чоң болуп турганда бир топ кыскартуу болду окшойт. Ошондо Мелис аша кетип КТРдин көзгө басар таланттуу журналисти раматылык Бөкөнбай Боркеевди да кыскартып койгон…

Айтып жүрүшөт, КТРКга Асанбек Токомбаевден кийин жакшы жетекчи болгондор чыкпаптыр. Бир убакта Усубалиевдин шакирти, кийин Акаевдин «кол баласы» Карыпкулов деген башкарып калды. Телерадиоуктуруу Акаев, Акаева болуп жатып калды. Анын үстүнө бу Карыпкулов дегениң парткызматка сугарылып бүткөн экен, чийинден чыкпай иштеди, ашынган консерватор болду. Анан телекөрсөтүү «Карыпкуловдун кара жашиги» деген ат алды. Чын эле телевизоруң жашиктин эле ролун аткарып калгандай болчу… Анан бир күнү телерадионун чоңу болуп Молдосейит Мамбетакунов деген шайланып калды. Кудай бетин салбасын, ал немең кошоматчынын дал өзү экен, эркек башы менен Майрам Акаевага кошомат кылып, аны күнү-түнү мактап тарттырып, «Майрамдын оператору» деген наамды алды. Бу Мамбетакунов дегениң билими ортозар неме, режиссёрлугу деле ошол баада. Анан шуулдап чоңдорго мамиле жасаганды жакшы билет, чоң куу, ошол «талантынын» аркасы менен көп жылдар теледе башкы режиссёр болуп жүрдү. Бир-эки телефильми бар. Азыр болсо ал немең «Кыргыз Республикасынын Эл артистти», бир окуу жайдын профессору, дайым жюрилерде олтурат, теледен курсагын жарылганча тойгузган… Мына ушундай адамдар
башкарып келди телерадиону…

Илим Карыпбековдун кандай адам экенин деле жакшы билбейм. Укканым ошол аябай уюштургуч дейт, чыгармачылыкка караганда ошол уюштургучтугуна басым жасайт экен, ыгын таап курсагын жакшы тойгузат дейт… Азыр баардык чоңдор эле курсагын жакшы тойгузат эмеспи…

Карыпбеков телерадиону төрт жыл башкарыптыр. Ошол жылдардын аралыгында телекөрсөтүүдө олуттуу реформа болгону деле дааналанбайт. Баса, биздин теледе иштегендер орустардын телеси кандай көрсөтүү жасаса түз эле көчүрүп киришет. Көпчүлүк журналисттердин билими тайкы экени көрүнүп турат. Анан кай жерден кабар алып барышпасын ошол журналист сөзсүз түрдө эфирге бир чыгып алат да. Кадрдан сырт текст окуп кабарын бүтүргөн бири жок, талпайыппы, балтайыппы, иши кылып кадрдан бир көрүнүп алышы керек да. Кээ бир алып баруучулар эки жагына элди тизип, өзү ортосуна туруп же олтуруп, өзүн тиги келгендерден жогору коё адыраят. Жок, антүүгө болбойт, кандай кыйын алып баруучу болсоң да сен чакырган адамдарындан кичик болуп тур, талкууланган маселеге күн мурун же жума мурун даярдан, оку, изилде… Спорттук каналда «Аргымак» деген көрсөтүү бар. Өткөндө бир кыз сурап жатат: «Бу бээңиз кулунун баланчадан төрөгөнбү?» деп. Аттын ээси уялгандан «ооба, ошондон төрөгөн» деп койду. Малды төрөгөн деп айтпасын билбеген да журналист болот экен э?!

Эми кайрадан Карыпбековго келели. Ал жигит төрт жыл иштеп акылы жеткенин телерадиого бериптир. Эми дагы төрт жыл иштеп эмнесин берет?! Же кийинки төрт жылга берейин деп мээсинин бир бурчуна катып койгон сонун реформасы барбы? Жок, андай болбойт. Кызмат менен акчанын даамын жакшы татып калган немелер дегеле ал кызматтан кеткиси келбейт. Кай жерге кай жетекчини шайлаба, ал бар мыктылыгын же чабалдыгын, болбосо ортозардыгын бир жылга жетпеген убакта эле көрсөтөт… Карыпбеков да төрт жылда көрүнүп бүттү да…

Акча демекчи, КТРКга мамлекет жылына 400 миллион сомдон бөлөт, анан дагы ага кошумча миллиондогон сомду рекламалардан табат, шайлоо кампанияларында да эбегейсиз акча турулуу. Бир сөз менен айтканда, КТРКда жетекчини оңой менен кетире койчу каражат эмес, кетирбей бек кармап турчу каражат бар. Карыпбеков ошол акчанын даамын жакшы таткан го, продюсерлерди чогултуп, өзүн кызматта калтыруу жөнүндө кол коюп бергиле деп жатканын айтып жатышат. «Коллектив суранып жатат» деген сасып бүткөн, ашмалтайы чыккан жолду тандабаш керек, Карыпбеков дал ошол жолду тандаптыр. Азыркы учурда эч бир коллектив жетекчисин кетпесин деп айтпайт, жоголсун дейт…

Башкы деректирди 15 адамдан турган байкоочу кеңеш шайлайт дейт. Анын башында Жыпар Жекшеев турат. Азыр Жекшеев деген Дамашки кылычында курч, бийликтин тамагына тыгылып турган мурунку Жекшеев эмес, азыр анын кайраты качып, бийлик тарапка ыктап, жанынын тынчын каалап калган кези. Байкоочу кеңештегилердин үч-төртөө эле Карыпбековго оппозиция болбосо, калгандарынын баары анын кебин сүйлөйт дейт.

Башкы деректирлик орунга жыйырмадай адам көрсөтүлүп жатыптыр, алардын ичинен бычакка сап боло турганы жок деген да кеп кетти…

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: