Бишкектин «Тунгуч» кичи районунда 16 жаштагы өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучу Шаардык балдар ооруканасына жеткирилген. Алдына ала маалыматтарга караганда, кыз үйдүн жетинчи кабатынана кулаган.
Азыркы учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ