Талас облусунун Кара – Суу айылында 4 үй-бүлө мүчөсү иске ууланып, апасы жана кызы каза болду. Бул маалыматты Таластын ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.
“Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге кетти. Азыркы учурда окуянын чоо жайы тактала элек” – деп билдирди маалымат катчы Динара Сарногоева.
Талас облусунун Кара-Суу айылында 4 үй-бүлө мүчөсү иске ууланып, апасы жана кызы каза болду. Бул окуянын себебин ӨКМнын басма сөз кызматы SUPER.KGпорталына билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт Кара-Суу айылында турак үйдөн чыккан.
“Кечээ, 19-февралда бул үй-бүлөнүн үйүнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкенине байланыштуу алар от жагышкан. Үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып ошондон улам ууланышкан деген болжолдуу маалыматтар бар”, – деди басма сөз катчы.
Буга чейин Талас облусунун Кара-Суу айылында иске ууланып 12 жана 4 жаштагы балдар ооруканага түшкөнүн оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирген.
https://www.super.kg/kabar/news/263557/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ