Талас облусунун бириккен ооруканасына ис газы менен ууланган эки жашы жете элек бала түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ууланган балдардын бири 4, экинчиси 12 жашта болгондугу айтылат.
«Балдар оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Баардык керектүү дары-дармектер бар, балдар дарыгерлердин көзөмөлү алдында»,-деп билдиришти мекемеден.
ӨКМда өрт тууралуу маалымат 15.36да түшкөн деп билдиришти. Азыркы учурда окуя болгон жерде бир өрт өчүрүүчү расчет иш алып барууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ