Menu

Фото – Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы быйыл өз алдынча аскердик бөлүк болуп түзүлгөн кыргыз Чек ара кызматы үчүн юбилейлик жыл – Россия Федерациясынын чек ара күчтөрү кайтарып келген мамлекеттик чек ара тилкелери Кыргызстандын юрисдикциясына өткөрүлгөнүнө туура 20 жыл толгонун белгиледи.

“Ушул мезгилдин аралыгында Кыргызстандын чек арачылары күжүрмөн милдеттериңерди абийирдүүлүк менен аткарып келе жатасыздар. Чек арабыз ишенимдүү корголуп, өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошкон салымыңар мактоого татыктуу”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекет чек арачылардын ишин жогору баалап, аларга татыктуу шарт түзүп берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жумшап жатканын, бир катар чек ара инфраструктуралары жана объектилер, алардын арасында заставалар, посттор жана имараттар курулганын белгиледи.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык Макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөнүн, Макулдашуунун алкагында, 15-январда, Россия тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техникаларды өткөрүп бергенин эске салды.

Салтанатка катышып жаткан Россиянын өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстан алардын берип жаткан жардамын жогору баалаганын жана Россия чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардам берип жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

“Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында Владимир Владимирович Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Андан кийин кыргыз-россиялык стратегиялык кызматташуу мындан да бийик деңгээлге көтөрүлөт. Евразиялык экономикалык биримдикти бекемдөөгө болгон жалпы умтулуубуз аймактагы туруктуулукту сактоого ишенимдүү кепилдиктерди берет деп ишенем”, – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги биздин чектерди, анын ичинде ЕАЭБдин тышкы чек арасын ишенимдүү кайтаруу үчүн бардык иш-аракетти жүргүзүүсү керектигин белгиледи.

Сөзүнүн жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков бардыгына жаркын келечек, жаратмандык иш, чын ден соолук каалады.

Маалымдама: Монтаждалган ички инженердик түйүндөрү менен чогултулган модуль тибиндеги имарат комплексинин 1 129 м2 конструкциясынын курамына эмерек менен жабдылган административдик бөлмөлөрдөн турган 27 адамдык казарманын имараты, офицерлер курамы, прапорщиктердин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жашоо имараты, мончо, кампалар, унаа токтотуучу бокс, спорттук аянтча, жайкы ачык ашкана ж.б. кирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: