Бишкекте акушер-гинеколог жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүп алып, сөөгүн каналга ыргытып салган. Бул тууралуу Биринчи Май районунун сотунда прокуратуранын өкүлү билдирди. Маалыматка ылайык, төрөткө ылайыкташпаган «Ирида Мед» деген жеке менчик медидиналык борбордо акушер ымыркайды энеге көргөзбөй, ал чарчап калганын айтып коюшкан. Бир сутка бою наристе бөлмөдө кароосуз калып, жан берген. Анын сөөгүн акушер жол боюндагы каналга ыргытып салган.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ