Menu

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Мага асылуулар президент тараптан эмес, анын айланасындагы кайсы бир топтордон болууда”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, сиз кызматтан кеткениңизге бир топ жыл болду. Соцтармактарда, айрым массалык маалымат каражаттарында «Равшан Жээнбеков коррупционер, вор» дегендей асылуулар орун алууда. Артында кимдер турат?

– Бул асылуулар президент тараптан эмес, анын тегерегиндеги кандайдыр бир топтор болушу мүмкүн. Себеби, саясат жеткиликтүү деңгээлде курчуп келе жатат. Мүмкүн А. Атамбаев менен бир-эки жолу барып сүйлөшкөнүм жакпай жатабы?.. Атайылап бир каралоо иштери башталды. Мындай каралоону он беш жылдан бери эле көрүп келе жатам. Төртүнчү президенттин убагындагы каралоолор башталды. КТРК каралачу, аларга кошулуп ЭлТР шыбачу. Бийликтин тегерегиндеги жалданма массалык маалымат каражаттарынын баары каралачу. Мындай нерсенин башталганы – жаман көрүнүштүн башталышы. Мен кечээ але бийликтен кетсем бир жөн. Он беш жылдан бери бир эле нерсени кайталап бүтпөй коюшту. Эскирген пластинкадай эле бир нерсени кайталай беришет. К.Кулматовго, А.Шадиевге байлап жатышат. «Мынча дүнүйөсү бар» деп барын да, жогун да жазып жатышат. Дүнүйө-мүлк боюнча анча-мынча чыны бар. Бирок көпчүлүгү жалган нерселер. Баары мурдагы кайталанган нерселер. Жаңысы: А.Шадиевди Кыргызстандан мен качырыпмын. Мунун баары официалдуу маалымат эмес. Ар кайсы кычыктардан чыга калып жашыруун ат менен социалдык түйүндөрдө, жасалма сайттардын аты менен көбүртүп-жабыртып жатышат. Бурмаланган маалыматтарды беришүүдө. Саясатта мындай нерселерге чыдоого туура келет. Биздин саясат кир саясат. Эгемендүүсаясатчыларды баса калган жеңил нерсе. Саясатта жүргөндөн кийин мындай нерселерге чыдаш керек,

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: