Menu

Орточо айлык ойдогудайбы?..

Бөлүшүү:

2018-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелди. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдап чыкты. Былтыр ноябрь айында улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15752 сом (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. 2017-жылы болсо бул көрсөткүч 14800 сом болчу.

Эл аралык уюмдардын маалыматында 2018-жылы Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстанда 320 доллар, Өзбекстанда 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстанда 110 доллар деп эсептелген. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. АКШда айлык 3120 доллар, Орусияда 615 доллар.

Бул маалымдалган цифралар боюнча «Азаттыктын» окурманы «Математика – так илим, цифраларда айып жок. Кеп башкада. Министрлер өздөрүнө жүз миңдеп айлык чегерип алышыптыр. Толкунбек Абдыгуловдун айлыгын билесиңер да. Анан «Мегакомдун» кеңешчиси Мискенбаевдин айлыгын да билесиңер, 150 миң. «Мегакомдун» мурдагы директору 12 миң доллар айлык алчу экен, азыркысы уялып 3 миң $ (210 миң сом) алып жатат. А тигил Кумтөрдөгү директорлор кеңешиндеги өкүлдөрүбүз 85 миң доллар (алты миллион сом) айлык алат экен. Ушул айлыктарга бей-бечаралардын айлыгын кошуп, орточосун чыгарса ошондой эле чыгат. Совет мезгилинде окутчу эле, «илгери кул ээлөөчүлөр, феодалдар, капиталист эксплуататорлор элди кул кылып иштеткен, бир сындырым нан үчүн керээлден-кечке иштешчү» деп. Азыр маданияттуу кул ээлөөчүлүк да, «бир сындырым нандын» акчасы үчүн иштөө да кулчулук эмей эмне?» деп ЖКнын депутаты Улан Примовго кайрылганыбызда, «бул статистикалык маалымат. Ар ким ар кандай пикирин билдирүүдө. Бирок статистикага дүйнөлүк практикада деле ал өлкөдөгү эң жогорку, орточо, эң төмөнкү айлык акыны карап чыгышып, анан ортодон чыккан сумманы жарыялашат. Финансы министрлиги өлкөбүздөгү орточо эмгек акыны айтып чыгышты. Өлкөдөгү эң жогорку, эң төмөнкү айлык акылар тууралуу да маалымат беришсе туура болмок» деген пикирин билдирди.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: