Menu

Бишкек ЖЭБдеги коррупция – буудайдан тарууну ажырата алабызбы?

Бөлүшүү:

Өткөн сандарыбызда Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясынын Кыргызсганга келиши, ал ири долбоорлорду ишке ашырган жылдары Сапар Исаков президенттик аппаратта, Айбек Калиев энергетика министрлигинде (2016-жылдан тарта «Энергохолдингдин» төрагасы), Мирлан Байгончоков каржы министрлигинде орун басар болуп иштегенин, ал балдар ТВЕА менен 2009-жылдан бери тааныш экенин жазганбыз. Бул жолу ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБин кантип модернизациялап калганы, ТВЕА ЖЭБге чейин дагы кайсы долбоорду ишке ашырган, УКМК козгогон коррупциялык иштер чын эле болгон болсо, иштин кайсы процессинде болушу мүмкүндүгүнө токтолсок.

ТВЕА компаниясы жөнүндө сөз болгондо азыр Бишкек ЖЭБи гана айтылып, ал Кыргызстандын энергобазарына ЖЭБди модернизация кылуу менен киргендей элес калып жатат. Бирок, андай эмес.

2012-жылы 23-февралда улуттук «Электрстанциялары» ишканасы ТВЕА компаниясы менен «Датка-Кемин» электр чубалгысын салуу боюнча макулдашуу түзөт. Аны курууга Кытайдын «Эксим» банкынан 390 миллион 795 миң доллар кредит алынган. Кредиттик макулдашууга президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга жасаган сапарында кол коюлат.

Ооба, Алмазбек Атамбаев президент катары улуттук «Электрстанциялары» ишканасы, кыргыз өкмөтү түзгөн келишимдерге ылайык, Кытайдан кредит алып келип бергендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок, 2010-2012-жылдары президенттик аппарат менен өкмөттүн тышкы саясат боюнча бөлүм башчыларынын кадрдык алмашуулары баардыгын алаканга салгандай ачыкка чыгарып берет.

Сырдуу кызматтык жүрүштөр

2010-жылы май айында АКШдан келип эле 2007-жылы чогуу иштеген Атамбаевдин жанынан орун тапкан Сапар Исаков Атамбаевдин колдоосу менен Убактылуу өкмөттүн тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы болот. Андан соң парламенттик шайлоого бара жаткан Атамбаев президент Роза Отунбаевага таасирин салып, 2010-жылы августта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө башчы кылып кетет. Бирок, 2010-жылдын аягында премьер-министр болгон Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнө алып кетпейт. Сапар Исаков ага президенттик аппараттагы «кулагы» катары абдан керек болгон.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда Кыргызстандын президенти болуп шайланат, ал эми премьер-министр Өмүрбек Бабанов болот. Алмазбек Атамбаев калыптанган тактикасы боюнча Роза Отунбаеванын аппаратына кандай киргизип жиберсе, Сапар Исаковду бул жолу Өмүрбек Бабановдун жанына акырын киргизип койгон. Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков эми өкмөттүн тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы болуп, тагыраагы, шефи Алмазбек Атамбаевдин Бабановдун жанындагы «кулагы» болуп иштеп калат.

2010-2012-жылдагы Сапар Исаковдун өтө кызык кызмат которууларына токтолуп жатканыбыздын себеби, ТВЕА компаниясы менен «Датка-Кеминди» салуу боюнча келишим Сапар Исаков өкмөттүн тышкы саясатын тейлеп турган 2012-жылы 23-февралда түзүлүп жатканында. Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны иликтеп жаткан тергөө тобу үчүн коррупция болгон болсо, аны далилдөө абдан кыйын. Анткени, ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБин ЕРС контрагынын негизинде салган.

ЕРС контракт деген змне?

ЕРС контракт – бул (подключ) кыргызча «дүңүнөн соодалашуу». Эч кандай техника-экономикалык түшүндүрмөсүз, жумуштун көлөмүн башка практикаларга салыштыруу менен соодалашуу. Мына ушул ЕРС контракт биринчи жолу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо эмес, 2012-жылы «Датка-Кеминди» салуу боюнча келишимде колдонулган.

ТВЕА 2012-жылы келген

ТВЕА компаниясы менен «Датка-Кеминди» салуу боюнча макулдашуу түзүлүп, Кытайдан 390 миллион доллар кредит алынып жатканда энергетика министри Аскарбек Шадиев болгон. 2012-жылы 23-февралда президент Атамбаев «Датка-Кеминди» салууга Кытайдан кредит алып келген соң, эч нерседен капарсыз башкы прокурор Аида Салянова ууланган көмүр боюнча энергетика министри, Атамбаевдин сүймөнчүгү Аскарбек Шадиевге 13-мартта күтүүсүздөн кылмыш ишин козгойт. Эртеси премьер-министр Өмүрбек Бабанов Шадиевди убактылуу иштен четтетет. Бирок, кожосу күчтүү Шадиев бир айга жетпей, 4-апрелде кызматына кайтып келген. Аскарбек Шадиевди депутаттык комиссия ууланган көмүргө тиешеси жок катары тапкан. Бул түшүнүктүү кадам эле. Анткени парламенттеги көпчүлүк Шадиевдин Бакиев мезгилинен берки тааныштары эле. Аларга Атамбаевдин КСДП фракциясы кошулуп, кызматка кайра алып келип коюшкан. Аскарбек Шадиев 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү менен кошо министрликтен кетип, 2012-2015-жылдары ТВЕАнын офисинде иштегени, аялы – өзүнүн бухгалтери, ТВЕАнын бухгалтери болгонун өткөн сандарда да айтканбыз.

«Датка-Кеминди» салуу боюнча Кытайдан 390 миллион доллар кредит алынып, ТВЕА менен келишим түзүлгөн 2012-жылы 21-июнда Сапар Исаков менен ЦАРИИде иштеген, «Алмазбек Атамбаевдин аяш уулу» деп да айтыла калып жүргөн Айбек Калиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалат. Айбек Калиев ТВЕА «Датка-Кеминди» салган 2012-2016-жылдары энергетика министринин орун басары, ал эми 2016-жылдан тарта Кыргызстандын бүтүндөй энергосистемасын башкарган «Энергохолдингдин» башчысы болуп дайындалган.

Сапар Исаковдун каты

Эми Бишкек ЖЭБине келсек. Депутаттык комиссия, коомчулук, журналисттер ЖЭБдеги авариядан кийин 386 миллион долларга модернизация кылган ТВЕАнын кайдан чыкканын табалбай убара болушкан. Жогоруда жана өткөн саныбызда ТВЕА компаниясы Кыргызстанга кантип келгени, эски тааныштары кимдер экенин кенен баяндадык. Бирок, Бишкек ЖЭБи башка объект. Демек, аны модернизация жасоо үчүн акча издөө, тендер жарыялоо сыяктуу жаңы жумуштар турган. Бирок, бул жолу да ТВЕА компаниясы президенттик аппараттын биринчи орун басары, тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун президент Алмазбек Атамбаевге жазган катында кайрадан сахнага чыгып келет.

Өкмөттүн чарба иштерине эч кандай катыштыгы жок Сапар Исаков «Электрстанциялар» ишканасынын жетекчиси менен министрликти, өкмөттү аттап өтүп, Бишкек ЖЭБи боюнча кат алышып, «Бишкек ЖЭБи эскирди, тез арада модернизациядан өткөрүү керек» деген кат дайындаган. Ал катта Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бир канча компаниялар кызыгуусун билдирип жатканын жана анын ичинде Кытайдын ТВЕА компаниясыныкы эң төмөн экенин жазган. А Алмазбек Атамбаев ТВЕА компаниясын ага чейин эле өтө жакшы билчү, өкмөткө «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти баштагыла» деп буйрук берет. Депутаттык комиссия корутундусун чыгарып жатканда депутат Алмаз Токторов Сапар Исаков өкмөттүн чарба ишине кийлигишкенин, Атамбаев мыйзамды бузуп өкмөткө буйрук бергенин билдирип, ТВЕА менен иш аракетте коррупция болсо, ал Атамбаевдин уруксатысыз ишке ашмак эмес экенин айткан.

Контракттык макулдашуу «Электрстанциялары» ишканасы – ТВЕА

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча контракттык макулдашуу «Электрстанциялары» ишканасы менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын ортосунда түзүлөт. «Электрстанциялар» ишканасы ачык акционердик коом, аны башкаруу менеджментин акционерлер дайындайт, 100% акциясына мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

Салайдин Авазов башкарган «Электрстанциялар» ишканасы Кытайдын ТВЕА компаниясы менен энергетика министрлигинин катышуусусуз контракттык макулдашуу түзөт. Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун ТЭО техника-экономикалык түшүндүрмөсүн «Электрстанциялары ишканасы жасаш керек эле. Ал эми директорлор кеңеши жана мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду контролдош керек болчу. Бирок, «Электрстанциялары» ишканасы «Датка-Кемин» электр чубалгысы боюнча келишимин кайталап, ТВЕА менек кайрадан ЕРС контракт түзөт. ЕРС – бул бая айткандай, техника-экономикалык түшүндүрмөсү түзүлбөй, кубаттуулукка жараша дүңүнөн соодалашуу (подключ).

Кредиттик макулдашуу

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги менен Кытайдын «Эксим» банкынын ортосунда түзүлгөн. Макулдашууга ылайык каржы министрлиги кредитти ТВЕАнын эсебине которот. «Эксим» банк ЖЭБди модернизациялоо үчүн кредитти ТВЕАга гана берет. Мамлекеттин атынан баардык кредиттик макулдашууларга кол коюуга каржы министринин гана укугу бар.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 2014-жылдын аягында башталат. 2016-жылы күчүнө кирип, буурадай болуп турган Алмазбек Атамбаев «Энергохолдинг» түзүп, ага Айбек Калиевди дайындоонун себеби бар эле. Анткени 2016-жылга чейин энергетика министри «Электрстанциялар» ишканасынын саясатын гана жүргүзүп, бирок башкаруусуна, чечимдерине кирише алчу эмес. «Электрстанциялар» ишканасы ачык акционердик коом болгондуктан, аны башкаруу менеджменти башкарып, аларды акционерлер шайлачу. Ал эми 100% акция мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунда. «Энергохолдингге» болсо баардык энергокомпаниялар, анын ичинде Бишкек ЖЭБи баш ийген «Электрстанциялар» ишканасын да башкаруу укугу берилген.

Демек, 2012-2016-жылдары энергетика министринин орун басары болуп турган Айбек Калиев улуттук «Энергохолдингде» башчы болуп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону толук көзөмөлүнө алат. Айбек Калиев ЕРС контракттын аткарылышын жана иштин кабыл алынышын көзөмөлдөйт.

Модернизацияланган Бишкек ЖЭБин кабыл алуу шашылыш өткөн. Баардык иштин бүтүшүн күтпөстөн 2017-жылы 31-августта салтанаттуу ачылыш жасоого шаштырылган. Алмазбек Атамбаев ачылыш салтанатына өзү абдан катышкысы келет.

Учурда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча бир канча чиновниктер абакта жатат. Биз бул жолу Бишкек ЖЭБине окшош эле 390 миллион долларга курулган «Датка-Кемин» бардыгын, ал дагы кудум Бишкек ЖЭБи сыяктуу схема аркылуу ЕРС контракт менен курулганын, Бишкек ЖЭБинде да, ага чейинки «Датка-Кеминде» да бири-бирине чырмалышкан адамдар маанилүү роль ойногонуна токтолдук. Тергөө органдары, коомчулук ар бир ишти терең анализдеп, кимисинин күнөөсү канчалык экенине баа берип, буудайдан тарууну ажыратчу мезгил келип жетти окшойт. Кийинки саныбызда Бишкек ЖЭБинин айланасындагы дагы кызык жагдайларга токтолобуз.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: