Өткөн жумаларда Жогорку Кеңеште 11 жылдык дагы орто билими, башкача айтканда аттестаты жок депутат бар экени социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан. Ал кайсы депутат болду экен деп кызыккандар арбын болду. Көрсө ал Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат болуп келген токтогулдук Нурбек Тотонов экенин «Опер kg» сайты жазды. Анда Тотоновдун өтө эле сабатсыз, болгону 8 класстык эле билими бар экенин жердештери жаза берип чарчашканы айтылат. Бирок ошого карабай, Токтогулдагы кадрдык маселелерин чечкен отдел кадр болуп алганы сынга алынган. Тотонов болсо ак же көк деп ооз ачканга жарай элек…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ