Menu

Ак үй: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат

Бөлүшүү:

АКШ Сириядан аскерлерин чыгаргандан кийин ал өлкөдө Кошмо Штаттардын 200дөй жоокеринен турган «ыктыярчылар тобу» убактылуу калат. Бул тууралуу бейшемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

Анын айтымында, президент Дональд Трамп мындай чечимди бейшемби күнү кечинде, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алган. Сандерс бул кадам АКШнын эл аралык коалициядагы европалык союздаштарынын Сирияда жүздөгөн аскерлерин калтырып, «коопсуз аймактарды» түзүү иштерине көз салуусуна мүмкүнчүлүк түзө турганын кошумалады.

Бирок азырынча 200 америкалык ыктыярчынын Сирияда канча мөөнөткө кала тургандыгы жана алар кайсыл жерде жайгаштырыла тургандыгы белгисиз.

АКШнын президенти Сириядан аскерлер чыгарыла турганын былтыр жыл соңунда билдирген. Анда Трамптын бул чечимине каршылык иретинде өлкөнүн коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кеткен.

Трамптын каршылаштары америкалык аскерлерди дароо чыгарып кетүү АКШ менен бирге Сириянын түндүк жана чыгыш аймактарында исламчыларга каршы күрөш жүргүзүп жаткан күрт отряддарын коркунучка кептей турганын айтып келишет. Түркия жергиликтүү күрттөрдү терроризмди колдоого айыптып, аларга карата аскердик операция даярдап жатканын бир нече жолу билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: