Menu

Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү адам тууралуу маалыматтар жарыяланды

Бөлүшүү:

The Insider басылмасы менен Bellingcat иликтөө тобу Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияга кол салууга шектелген үчүнчү адамдын өмүр баянын жарыялашты.

Анда Орусиянын аскердик чалгын кызматкери деп айтылып жаткан Денис Сергеев (тыңчы катары алып жүргөн ысымы Сергей Федотов) тууралуу жазылган.

Журналисттердин маалыматына караганда, Сергеев Казакстандын Алматы облусундагы Ушарал шаарында өскөн. 1990-жылы Екатеринбургдагы аскердик окуу жайды аяктап, аскердик карьерасын Орусиянын Аба-десанттык күчтөрүндө уланткан. 1999-жылы ал Дагестандагы согушка катышып, жаракат алгандан кийин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн. 2000-жылы Москвага барып, аскердик чалгын кызматкерлерин даярдаган Аскердик академияга тапшырган.

The Insider басылмасы белгилегендей, Сергеев Скрипалдар менен болгар ишкери Емельян Гебревди ууландыруудан тышкары, Орусиянын чет өлкөлөрдөгү башка бир нече операциясына дагы катышкан болушу мүмкүн. Журналисттер анын Черногориядагы төңкөрүшкө катышкандыгы айтылып жаткан Орусиянын аскердик чалгын кызматкери менен жакындан тааныш экенин аныктап чыгышкан. Мындан тышкары Сергеевдин 2013-жылы Тажикстанга, 2014-жылы Чехияга жана 2015-жылы Түркияга барганы белгилүү болгон. Эксперттер бул сапарлар Сирияга курал-жарак сатууга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда. The Insider буга байланышкан маселелердин чоо-жайын Bellingcat менен бирге жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн кийинки бөлүктөрүндө жарыялоону убадалады.

Сергей Скрипаль менен кызы Юлияга кол салуу ишинде Сергей Федотов аттуу үчүнчү шектүү бар экени быйыл февралдын башында белгилүү болгон. Ага чейин маалымат каражаттары британ тергөөсү тарабынан айыпталып жаткан Александр Мишкин менен Анатолий Чепига тууралуу гана жазып келишкен. Москва бул айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: