Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мамлекеттик администрацияларынын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүүбуйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөнмилдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:
– Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага
– Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүКыянбек Сатыбалдиевге
– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага
– Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге
– Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ