Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосу.

«Урматтуу мекендештер!

Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы.

Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каарман эмгекчилерине жана согушка катышкан баатырларга сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Болочок Мекен коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз.

Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү  болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.

Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз.

Дагы бир ирет эрдиктин, каармандыктын жана мекенчилдиктин майрамы менен куттуктайм!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: