Menu

Президент мырза, таянарыбыз сиз гана калдыңыз – КР Президенти С. Ш. Жээнбековго кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчысы

Д. К. Сагынбаевге

«Фирма Акиф» ААКнын негиздөөчүлөрү, ЖЧКнын негиздөөчүлөрү

К. Б. Куватбековдон

жана К. Д. Бозбаевадан,

Бишкек ш., Иманалиев көч., 16-үй байл. тел. 0(705)-705–507

ЖАМААТТЫК КАЙРА КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Бул, «АКИФ» ЖЧКнын негиздөөчүлөрү, 82 жаш курагындагы Кубатбеков Кален Боромбаевичтен жана 73 жашкурагындагы Бозбаева Кымбат Жузбаевнадан, Сиздин дарегиңизге болгон ҮЧҮНЧҮ ЖАМААТТЫК КАЙРЫЛУУБУЗ.Үчүнчү негиздөөчү, Россия Федерациясынын жараны С. Фищенко менен бирге, бул фактылар боюнча биздин Сизге мурунку кайрылууларыбызга жана Сиз аларды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши аркылуу өз көзөмөлүңүзгө алгандыгыңызга карабастан, баары бир, тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан, кандайдыр бир таасирлүү чаралар көрүлгөн жок (КР Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 07- сентябрындагы КР Башкы прокурорунун дарегине жөнөтүлгөн каты тиркелет). Анын үстүнө, КР Каржы полициясы, Мыйзамды одоно түрдө бузуп, төрт күн мурун, КР Президентине кайрылган жана КР Коопсуздук Кеңешинин Катчысы Д. К. Сагынбаевдин жеке кабыл алуусунда болгон, биздин жабырлануучуларыбыздын бири, Россиянын жараны Сергей Фишенкону, көз боёмочулук аракетине шектүү деген имиш менен кармаган.

Биз, республикабыздын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө салым кошкон, борборубуздун кадырлуу карыя жашоочулары, Сиздин, мамлекеттик бийликтеги КОРРУПЦИЯНЫН бардык көрүнүштөрүн жойууга багытталган саясатыңызды толугу менен колдойбуз. Бирок, көрүнүп тургандай, бул аракеттер кагаз бетинде эле калып жатат. Сыягы, күч структураларындагы кээ бир атка минерлер, Сиздин, бийликтеги коррупция менен күрөшүүңүздөн таасир алууну керексиз деп эсептешет окшойт.

Карыган чагыбызда, биз, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан милдеттүү көзөмөлдүн жоктугунан, укук коргоо органдары, тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик Кызмат тарабынан жасалып жаткан кыжыр кайнаткан зомбулукка дуушар болдук.

Бул иш, Сиздин жеке кийлигишүүңүзсүз чечилбейт деп эсептейбиз. Мындай ээн баштыкты токтотуп, бизди Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ЭККМК ТБнын тергөөчүсү А. Сабировдун мыйзамсыз аракеттеринен коргоо керек. Биз, өзүбүздүн кайрылууларыбызда, бул мыйзамсыз аракеттердин бардыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ЭККМКнын Төрагасынын орун басары Джамгырчиев Эмил Эриковичтин ролу бар экендигин бир нече жолу белгилегенбиз (КР Премьер- Министри М. А. Абылгазиевдин жээни болуп эсептелген). Ал, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, өзүн Сизге алыскы тууган катары карманган, ЭККМК Тергөө башкармалыгынын башчысы Э. Альчиевге көрсөтмөлөрдү берип жатат.

Кыскача, биздин ишкананын айланасындагы окуялардын тарыхы мындайча.Биздин «Фирма АКИФ» Кыргыз-Россиялык ЖЧК, ноябрь айында «Росинбанк» ААКдан 3 миллион АКШ долларлык насыя милдеттенмесин, өзүбүздүн өндүрүш аянттарыбызды капиталдык оңдоп-түзөтүү иштерине жана кайра жабдуу үчүн алганбыз. Тергөө аныктагандай, алынган насыянын бир бөлүгү гана ишкананын керектөөлөрүнө жумшалган, насыянын көпчүлүк бөлүгү, мурунку башкы директор И. М. Майсызов жана анын жардамчысы Б. Т. Абдыкаров тарабынан уурдалган. Өзүнүн айыбынын ашкереленишинен жана жоопкерчиликтен качуу үчүн, Майсызов, 2015-жылдын акырында, Ф. С. Аблямитова башында турган рейдерлик топко «жардам» сурап кайрылган. Кылмышкерлердин ойу боюнча, рейдерлер биздин ишкананы банкротко учуратып, аны жок кылышы керек болгон. Аны менен, уурулуктун издерин жок кылып, ага чейин, аны банкротко учуратуу процессинин жүрүшүндө бардык баалуу активдерди «керектүү колго» өткөрүп берүү болгон.Бул кылмыштуу планды, рейдерлер өздөрүнүн мурунку убактылуу администраторунун жана азыр тергөөдө жүргөн М. Д. Тороковдун жардамы менен ишке ашырууну көздөшкөн. Ошентип, 2016-жылдын мартынан бери үч жыл бою, ишкана, анын активдерине мыйзамсыз ээлик кылууга аракет кылган рейдерлердин тынымсыз басымы астында турат. 2016-жылдын мартынан декабрга чейин, ишкананын административдик жана каржылык рычагдарына жасалма документтер аркылуу ээ болушкан рейдерлер, ишкананын 33 милион сомдон ашык каражаттарын уурдоого жетишишти.Муну менен, Кыргыз Республикасына, жашырылган салык түрүндө, 4 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.Алардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери Бишкектин элин бардык санитардык нормаларга жооп берген эт азыктары менен камсыздап келген, жүздөгөн жумуш орундарын жараткан, салыктарды жана төлөмдөрдү өз убактысында төлөп келген пайдалуу ишкана банкроттук чекке жеткизилип калды. Мындан тышкары, сөздүн түз маанисинде, ишкананын маңызын соруп, рейдерлер, сатып алуучулардын ден-соолугуна коркунуч келтирген соода эрежелеринин бузулууларына жол бере башташты.

Бул фактылар боюнча, укук коргоо органдары тарабынан алты кылмыш иши козголгон. Анын экөөсү, «Акиф»ЖЧКнын мурунку башкы директорлору И.Майсызов жана М. Аманкуловдорго оор жана өтө оор кылмыштар боюнча: көз боёмочулук, документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан пайдалануу, ири көлөмдөгү салыктарды төлөбөө беренелери боюнча иш козголуп, алар Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ф.Аблямитова жана Б. Абдыкаров деген дагы эки адамга сыртынан күнөө коюлуп, аларга издөө салуу боюнча токтомдор кабыл алынган.

Ишти кароонун жыйынтыгында, Биринчи май районунун соту М. Термечиковдун 05.11.2018-жылкы өкүмү менен, «АкиФ» ЖЧКнын мурунку Башкы директору М. Аманкулов, ири көлөмдөгү салыкты төлөбөгөндүгү боюнча айыпталып, 4 жылга шарттуу түрдө кесилген. Сот процессинде, ал күнөөсүн моюнга алып, келтирилген зыянды ордуна койуу катары, 500 миң сомго жакын каражатты салык кызматынын эсебине берген.

Ошону менен бирге, ал өкүмдө, рейдерлик жол менен ээлик кылууда, И. Майсызовдун да, рейдерлер Ф. Аблямитованын жана Б. Абдыкаровдун да мыйзамсыз аракеттери аныкталган (Өкүмдүн көчүрмөсү тиркелет).

Бул өкүм мыйзамдуу күчүнө киргендигин жана ал боюнча эч кимден даттануу болбогондугун белгилеп кетүү керек.

Андан ары, И. Майсызовго жаңы 4 эпизод боюнча кошумча айып тагуу үчүн (коммерциялык ишкананын кызматкеринин өзүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ири көлөмдөгү салыктарды төлөөдөн баш тартуу, көз көрүнө жалган билдирүү) Бишкек шаарынын прокуратурасына кайтарылган, сот М. Термечиков тарабынан соттолуучу И. Майсызовго карата каралган кылмыш ишинин натыйжасы, Биринчи май райондук соту, ишти кароо процессинде аныктап, өзүнүн 22.11.2018-жылкы токтомунда кеңири чагылдырган жана мотивдештирген (соттун токтомунун көчүрмөсү тиркелет).

Соттун бул чечими да мыйзамдуу күчүнө киргендигин жана ал боюнча эч кимден даттануу болбогондугун белгилеп кетүү керек.

Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн, соттун 22.11.2018-жылкы токтомун толук көлөмдө аткаруунун ордуна, ЭККМК ТБнын тергөөчүсү А. Сабиров, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен, соттун токтомунда көрсөтүлбөгөн тергөө амалдарын жүргүзө баштады.Анын үстүнө, 28.01.2019-жылы, бизди, «Фирма Акиф» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүн, И. М. Майсызовду биздин ишканага карата көз боёмочулук кылгандыгы боюнча айыптоо боюнча кылмыш ишинде, жабырлануучудан, иш жүзүндө, бир заматта шектүү статусуна которуп койду.Болбосо, «Фирма АкиФ» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири 1965-жылы туулган Фищенко Сергей Викторовичти (Биринчи май райондук соту тарабынан, жабырлануучу деп табылган) ошол эле күнү камакка алган жана биздин балдарыбыз Кубатбеков Рустемге жана Турманбетов Эрмекке издөө салууга бекем ниети бар тергөөчү А. Сабировдун аракеттерин кандай баалоого болот?

Тергөөчү А. Сабиров өзүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, андан да ашып кетти. 28.01.2019-жылкы токтому менен, ал, Кыргыз Республикасынын КК нин 166-бер. 4-п. 2-бөл., 2-бөл.2-п. 166-бер. 2-бөл., 350- бер.2-б. 4,6-п. каралган кылмыштар боюнча мурда айып тагылган айыпталуучу И. М. Майсызовго карата кылмыш окуясынын жоктугунан деген мотив менен кылмыш ишин кыскарткан.

Бир заматта, өзүнүн кылмыштуу чечими менен, тергөөчү А. Сабиров, соттук отурумдарда сот М. Термечиков аныктаган, М. Аманкуловдун жана И. Майсызовдун кылмыштуу аракеттеринин фактыларын жокко чыгарды.Ошентип, бул соттун мурда чыгарган өкүмдөрүн жана чечимдерин ишенимсиз кылып койду. Бул, жол берилбес нерсе жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык мыйзамдуулугун одоно бузуу болуп эсептелет жана тергөөчү А. Сабировдун, бул иште, ага мыйзам аркылуу берилген ыйгарымдуулуктардын чегинен чыгып кеткендигине жана айыпталуучуларда (И. Майсызов) жана издөөдөгү адамдарда (Ф. Аблямитова жана Б. Абдыкаров) анын тикелей кызыкчылыгы бар экендигине күбө болот.

Андан ары мындан да кызыктуу. ТергөөчүА.Сабиров, өзүнүн 28.01.2019-жылкы токтому менен, башка № 288–16–0029 кылмыш иши боюнча, «Акиф» ЖЧК нын негиздөөчүсү С. В. Фищенкону (ал, сот тарабынан, жабырлануучу болуп таанылган жана ал чечимди эч ким жокко чыгарган эмес), «Росинбанк» ААКга карата көз боёмочулук кылуу ниети бар шектүү катары кармады.

Белгилеп кетүүчү нерсе, бул кылмыш иши 04.04.2016-жылы И. Майсызовдун арызы менен козголгон жана кийинчерээк, С. Фищенконун аракеттеринде кайсы бир кылмыштын курамы жоктугунан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ЭККМКнын Тергөө Башкармалыгынын тергөөчүлөрү тарабынан эки жолу кыскартылган.

Кабыл алынган чечимдин негиздүулүгү жана мыйзамдуулугу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ырасталган.

Ушул бардык жагдайларды эсепке албастан туруп, тергөөчү А. Сабиров, кайрадан эле Мыйзамды одоно бузууга барып, «Росинбанк» ААКнын арызыжок эле, аны жабырлануучу катары тааныбай туруп жана зыян келтирилбеген болсо деле, 28.01.2019-жылкы өзүнүн тиешелүү токтому менен, саат 19:41де С.Фищенкону, жогоруда аталган кылмышка шектүү деп кармаган.

Адвокаттардын, «Росинбанк» ААК нын арызынын, аны жабырлануучу катары таануунун жана банкка келтирилген материалдык зыян боюнча материалдардын көчүрмөсүн берүү боюнча өтүнүчүн канааттандыруудан, өзүнүн токтому аркылуу баш тарткан. Ал токтомдо, анда «Росинбанк» ААКнын арызынын жок экендиги жана келтирилген зыяндын аныкталбагандыгы көрсөтүлгөн (тергөөчүнүн токтому тиркелет).

Жана, кийинки күнү гана, башкача айтканда 29.01.2019-ж. «Росинбанк» ААКны кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары таануу боюнча токтом чыгарган.

Муну менен, чындыгында, тергөөчу А. Сабиров адегенде, С. Фишенкону «жаап», андан кийин гана жабырлануучуну «издеп жөнөгөн». Бул нерсе, анын өзүнүн токтому менен эле ырасталат. Анда, токтомдун бир көчүрмөсү «Росинбанк» ААКга, өкүлдү ажыратуу үчүн эле жөнөтүлөт деп белгиленген

Көрсөтүлгөн аракет мыйзамсыз жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык мыйзамдуулугуна каршы чыгарылган болуп эсептелет.

Андан ары, мыйзамды андан да чоңураак одоно бузуулар болуп жатат. Тергөөчү А.Сабировдун С.Фишенкого карата бөгөт чарасын тандоо, «Росинбанк» ААКны жабырлануучу катары таануу өтүнүчүн кароо учурундагы сот процессинде ал өзү моюнга алгандай, бул чечим, банктын арызы жок эле жана банкка келтирилген зыян ырасталбай туруп эле, ал тараптан чындап өз алдынча кабыл алынган.

Бул жерде тергөөчү А. Сабиров, «Росинбанк» ААКнын өзүнүн позициясын тактабастан туруп, кайрадан эле кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти. Себеби, банк, өзүнүн уюштуруу-укуктук калыбы боюнча, Акционердик коом болуп эсептелет, аны менен, келтирилген материалдык зыяндын суммасы көрсөтүлгөн укук коргоо органдарына берген арызы болушу керек эле жана бул, Мыйзамга ылайык, милдеттүү шарт болуп эсептелет.

Баарынан кызыктуу нерсе, бар болгон маалыматтар жана документтер боюнча, «Росинбанк» ААК, бул кылмыш иши боюнча жабырлануучу болушу мүмкүн эмес, анткени, 13.09.2017-жылы, «Росинбанк» ААК, 2 350 000 АКШ долларына, биздин мекеменин карызын башка тарапка сатып жиберген, ал болсо, өз кезегинде, 10.01.2018-жылы ушул эле карызды үчүнчү тарапка 2 450 000 АКШ долларына сатып жиберген.

Ошондуктан, «Росинбанк» ААК, Мыйзамдык көз караштан, жабырлануучу тарап болушу эч бир мүмкүн эмес.

Ушундай шарттарга карабастан, тергөөчү А. Сабиров, кылмыш ишинин материалдарын өзүнүн жана рейдерлердин пайдасына кантип «ылайыкташтыруунун» айласын таба албастан, арга жоктон, банктын арызы жок жана келтирилген зыян жок болсо деле, өз демилгеси менен «Росинбанк» ААКны жабырлануучу катары тааныган.Бул нерсе, жол берилбес Мыйзам бузуу болуп эсептелет. Жана өкүнүчтүүсү, Биринчи май райондук соту, жабырлануучу Россиянын жараны С. Фишенконун кармалышын мыйзамдуу деп тааныган жана аны камакка алган.

Ошентип, тергөөчү А. Сабировдун, жогоруда аталган кылмышкерлер, айыпталуучу И. Майсызов жана башында расмий түрдө издөөдө жүргөн Ф. Аблямитова турган рейдерлик топ жана башкалар менен коррупциялык байланышынын фактысы көз көрүнө болуп турат. Бул бардык аракеттерди ал, өзүнүн башчылары Тергөө Башкармалыгынын башчысы Э. Альчиевдин жана ЭККМКнын төрагасы Э. Джамгырчиевдин колдоосу астында жүргүзүп жатат.

Ушуга байланыштуу, биз, Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путиндин, Кыргыз Республикасына ушул жылдын март айында боло турган расмий визити учурунда, анын мекендеши С. В. Фишенкого карата, күч структураларындагы, баяндалган зомбулук фактылары боюнча ага кайрылууну көздөп турабыз.

Кыргыз Республикасынын алдындагы ЭККМКнын кызматкерлеринин, ишти жогоруда аталган кылмышкерлердин пайдасына чечүүгө кызыкчылыгы бардыгынын кезектеги жана ачык көрүнүшүнө байланыштуу: Биз, Кыргыз Республикасынын Каржы полициясынын бүтүндөй башчылыгына караманча каршы ишенбөөчүлүк билдиребиз жана биздин өлкөдөгү акыйкаттыкка жана мыйзамдуулукка ишенимин жогото элек Аксакалдар катары, Сизден суранаарыбыз,

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

1.Жеке өзүңүз, аппаратыңызга тапшырбастан, бул кайрылууну карап чыгышыңызды. Мында, биз, тергөөчү А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын алдындагы ЭККМКнын башчылыгы тарабынан жол берилген одоно Мыйзам бузууларды максималдуу түрдө кыскача чагылдырууга аракет кылдык.

2.Объективдүү жана мыйзамдуу тергөө жүргүзүү максатында, «Фирма Акиф» ААК менен байланыштуу бардык кылмыш иштерин мындан ары алып баруу үчүн, Кыргыз Республикасынын каалаган башка укук коргоо органына өткөрүп берүү боюнча тапшырма берүүңүздү.

3.Кыргыз Республикасынын УКМК нын Коррупцияга каршы Кызматына, баяндалган фактыларды текшерип чыгууга жана күнөөкөр адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга тапшырма берүүңүздү.

4.Жогоруда көрсөтүлгөн күнөөлөрдү жеткиликтүү түшүндүрүп берүү үчүн, биздин адвокаттардын катышуусу менен, Сиз менен жолугушуу уюштуруп берүүңүздү.

5.Кабыл алынган чечим жөнүндө, орнотулган тартиптеги мөөнөттө бизге билдирүүңүздү суранабыз.

«ФИРМА АКИФ» ААКнын негиздөөчүлөрү:

Кален Кубатбеков,

Кымбат Бозбаева

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: