Menu

Кордолгон эне. Жайыл районунда 103 жаштагы Бүбүтай апаны уулу, келини, неберелери сабап, өлтүрүүгө аракет кылышкан

Бөлүшүү:

Үй-бүлөдөгү ички көйгөйлөрдү, сырды коомчулукка жарыя кылуу ары туура эмес, ары жагымсыз нерсе болсо да, эл билсин, башкаларга сабак болсун деп, гезитке кайрылып отурабыз. 103 жыл өмүр сүргөн апам Бүбүтай Кожоналиева өмүр бою кымыз жасаган, эмгекчил, берешен, берекелүү, элди баккан, үлгүлүү, бактылуу, кемчилиги жок аял эле.

7 уул-кызынын алтоосун — ​Каныбектен башкасын — ​жогорку окуу жайлардан окутту. Ал 2016-жылдын октябрына чейин кичүү сиңдибиздин колунда турду.

Бирок, 2016-жылдын октябрында, апабыздын ден соолугу оорлошуп калган кезде иним Каныбек Кожоналиев негедир: “апамды өзүм багам, карайм, батасын алам” деп, үйүнө алып кетет. Таң калдык. Себеби, Каныбектин келинчеги, кыздары апабызды башынан эле жактырышчу эмес. Көп өтпөй белгилүү болгондой, аларды апамдын 8 миң сом пенсиясы, үйү, малы кызыктырган экен.

Каныбектин кыздарынын бири Кундуз, арадан ай өтпөй, бир жолу үйдө эч ким жок кезде газды чыгарып коё берип, окууга кеткен… Ошондо сезимтал кошуналардын бири газдын жытын сезип калып, апамдын өмүрүн сактап калган. Инимдин аялы Зубира колдоруна жоолукту ороп алып, апамды сабаган учурлар да болгон. Кундуз менен Каныкей карыган кемпирди чыңыртып, далай жолу неге өлбөйсүң деген кыязда колуна сигарета басышып, жабыр тарттырышкан. Муну апамды караган аял (няня) айтып бере алат.

Арадан 2 ай өткөндөн кийин карыган, оорукчан апамды небереси Кундуз түртүп жиберип, жамбашы сынган. Тез арада доктурга көрсөтүүнүн ордуна, бир жума үйдө боздотуп, кыйнап алып отурушкан. Көп күндөн кийин кабар жеткен эркек бир туугандарым ооруканага алпарышкан. Андан көп өтпөй, небереси Каныкей да түртүп жиберип, экинчи жамбашы сынган. Нянянын айтуусуна караганда мунун баарынын башында зөөкүр келинибиз, ташбоор Зубира турган.

Бир туугандар чогулуп, врачтын коштоосунда апамды алып кетели деп барсак, Каныбек “апамды өзүм багам” деп, баарын ур-тепкиге алып куугандыгы да эсимде.

Шордуу апам бат-бат түшүмө кирет. Мени алып кеткиле деп, боздоп ыйлаганы көз алдымда турат. Апама жасаган айбанчылыктары үчүн иним Каныбек, аялы Зубира, айрыкча кыздары Кундуз менен Каныкей да Кудайдан жана башкалардан көргүлүктү көрөт. Каргыш урат. Биз аларды эч качан кечирбейбиз. Башкалар мынчалык наадандыкка барбасын, сабак алсын деп гезитке ушул кабарды жазып отурам…

Кызы Майрамкан Кожоналиева, 

Жайыл району

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: