Menu

Жыргалбек Турускуловдун куйругунда “шакмары” бар тура…

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду этектеп жанынан чыкпай шынаарлап жүрүп, качан Сооронбай Жээнбеков президент болгондо терисин алмаштырган жыландай өзгөргөн Жыргалбек Турускуловдун буга чейинки ишмердүүлүгү боюнча күмөндүү жагдайлар көп экени айтылууда. Эмнеге Бабановдун «далысына бычак сайып» кыйынчылыкта жан айласы кылып куйругун кесип таштай качкан кескелдириктин образына өттү десе, куйругунда шалдырган «шакмарлары» бар тура. Руслан Казакбаевди лидерликтен кетирип, ордуна «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп, бийликтин камчысын чаба баштады десе, былыгынан чочулап, кошомат кылып жаткан экен. Учурда Жыргалбек мырза «Востокэлектрого» жетекчи болгон кезде, «акылдуу эсептегичтерди» сатып алууда мамлекетке чыгым келтирген коррупциялык элементтерге жол бергенин тиешелүү органдар тарабынан билинип, кылмыш иши козголуп, бирок кайра жабылганы талкууланууда.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: