Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралу КР  Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.

Аталган маселени чечүү максатында Премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашышты, ага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: