21-февралда Россиянын Челябинск шаарында, автоунаалардын агымынын көптүгүнөн жолдон өтө албай турган чолок итке боору ооруп, унааларды токтотуп, итти жолдон өткөрүп койгон боорукер МАИ инспектору тууралу видеотасма социалдык тармактарда кеңири тарады.
Бул учурду автоунаалардын бириндеги видеокамера жазып алган. Кийин белгилүү болгондой окуянын каармандары – жакын жерде жайгашкан автоунаа токтотуучу жайды байырлаган “Найда” аттуу ит менен Челябинск шаарынын МАИ кызматкери Сергей Милюков болуп чыгышты.
Боорукер Милюков бул кадамын эрдик деп эсептебейт жана мындай окуялар кээде болуп турарын, бирок баары эле видеокамерага түшүп калбагандыктан коомчулук аз билерин айтат. Ал эми “Найда” бутунан жаракат алгандыктан аны дарылоого жардамын сунуш кылгандар видеотасма тарагандан кийин көбөйгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ