Menu

Тажикстанда балдарды жапырт сүннөткө отургузуу жараяны башталды

Бөлүшүү:

Тажикстанда балдарды милдеттүү түрдө сүннөткө отургузууга чакырган ири масштабдагы кампания башталды.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер аймактардагы “ырымдала элек” балдардын тизмелерин түзүшүүдө. Шаардагы бейтапканалардын биринде иштеген Мехрубон Тешаеванын айтымында, бир жашка чейинки балдарга бекер операция жасалат.

Душанбедеги эмканаларда сүннөт үчүн атайын бөлмөлөр ачылды. Айылдарда бул кызматты медициналык пункттар көрсөтөт. Былтыр Тажикстандагы медициналык мекемелерде “балдарды отургузуу” үчүн 586 атайын бөлмө ачылган.

Тажикстанда 2017-жылы каада-салттарды жана ырым-жырымдары жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, эркек балдар төрөлөр замат – 20 күнгө чейин сүннөткө отургузулушу керек.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы 80 миң бала сүннөткө отургузулган. Ага чейин бул багытта статистикалык эсеп болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: