Menu

Мидиндин “и другиеси!”

Бөлүшүү:

Өткөн кылымдын 50-жылдары Алма-Ата шаарында кыргыз, казак акын-жазуучуларынын биргелешкен чоң чогулушу болот. Бул чогулушта атактуу жазуучу Мухтар Ауэзов орусча доклад жасайт. Сөз кыргыз калемгерлерине келгенде “Киргизские писатели и поэты как Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов, Абдрасул Токтомушев, Сооронбай Жусуев, Жунай Мавлянов “И ДРУГИЕ” плодотворно работает на теме социализма” деп сөзүн аяктайт. М. Ауэзовдон кийин башка да казак, кыргыз акын жазуучулары чыгып сүйлөшөт. Кезек Мидинге келгенде “М. Ауэзовду бир чымчып өтөйүн” дегениби трибунага чыгып: “Мен кыргыз акыны Мидин Алыбаев деген болом. Жана, өз докладында Мухтар ага айтып кеткен “И ДРУГИЕНИН” арасында мен да бармын – дегенде, залдагылар дуу күлүптүр. М. Ауэзов өзү көп күлбөгөн суз киши экен, Мидиндин бул сөзүн укканда көзүнөн жаш алгыча бүлкүлдөп күлгөн экен, жарыктык.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: