Menu

Орусия: Теңгеден орусча жазууларды алып салуу – Казакстандын ички иши

Бөлүшүү:

Казакстандын улуттук акча бирдиги болгон теңгеден орусча жазуулардын алынып салынышы – өлкөнүн ички иши. Бул тууралуу Орусия ТИМинин маалымат департаментинин директору Мария Захарова жума күнү өткөн брифинг учурунда билдирди.

“Бул мамлекеттин ички иши деп эсептейбиз. Ошол эле учурда биз орус тили негизги тил болгон Казакстан жашоочуларынын укуктары боюнча маселеде казак кесиптештерибиз жана өнөктөштөрүбүз менен байланышып турабыз”, – деди ал.

Захарова Казакстанда орус тилин сактоо боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүрүп жатканын дагы белгиледи.

Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон “Улуттук валюта банкноттору менен тыйындарынын дизайнынын концепциясын бекитүү тууралуу” жарлыкта “теңгедеги жазуулар мамлекеттик тилде гана болуусу кажет” деп жазылган. Чет тилиндеги жазуулар бир гана инвестициялык жана коллекциялык тыйындарда болушу мүмкүн.

Учурда колдонууда жүргөн теңгеде орусча жазуу бар. Казакстандын Конституциясында орус тили мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында казак тили менен бирге колдонулат деп жазылган. Казакстанда мамлекеттик тил макамына казак тили гана ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: