Menu

Казактар картөшкөңөр “курттап” кетиптир деп баш тартышты

Бөлүшүү:

Казакстандын айыл чарба министирлигинин кабарланган маалыматына таянсак Казакстан Республикасы 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма, курма жана картошканы киргизүүгө убактылуу тыюу салды. Аталган маалыматта Кыргызстандан келген картошкада «алтын түстүү нематода» деп аталган курт көп кездешкендиги айтылат.

Картошканын алтын түстүү нематодасы анын тамыры менен сабагын жабыркатат экен жана түшүм 50-90 пайызга, кээде толугу менен жабыркайт имиш.

Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин ар кандай маселелерди кароо маалында депутат Аалы Карашев да маалымдады. Ошону менен бирге эле «Мындай болуп калганына ким күнөөлүү? Өкмөт өкүлдөрү эмне кылып жатат. Мындай тыюу салуу биринчи жолу эле болуп жаткан жок.

Биз Бажы биримдигинде бирге болгон өлкөлөрбүз да. Кызыгы, мындай тыюу салуу Кыргызстанга мындан эки күн мурун Казакстан өкмөтүнөн делегация келип кеткенден кийин болуп жатат. Эми элдин убалы кимге? Качан биздин өкмөт иштейт?» деп парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: