Menu

Өзбекстанда бир туугандардын балдарынын никелешүүсүнө тыюу салынат

Бөлүшүү:

Өзбекстан бир туугандын балдарынын баш кошуусуна тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги даярдаган мыйзам долбооруна шилтеме жасоо менен билдиришүүдө.

Документке ылайык, Үй-бүлө кодексинин 16-беренесине толуктоо киргизилет.

Учурда болочок жубайлардын бири психикалык жактан жабыркаса же башка никеси болсо күбөлүк берилбейт. Ошондой эле жакын туугандар, эже-карындаш, ага-ини, асырап алган балдары менен баш кошууга тыюу салынган.

Эми бул тизмеге “эки бир туугандын балдары баш кошо албайт” деген жобо киргени жатат.

Өзбекстанда мыйзам боюнча нике курагы эркектер үчүн 18, кыздар үчүн 17 жаш деп белгиленген.

Кош бойлуу болуп калган же бала төрөлгөн учурларда бул чектөө бир жылга кыскартылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: