Menu

Кыргызстан Кувейтке эт экспорттойт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда чийки этти экспорттоо аракети акыркы жылдары жолго коюла баштады. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден сырткары, Иран жана араб мамлекеттерине да экспорттоо жанданды. Бул жолу кыргызстандык эт өндүрүүчүлөр Кувейтке жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейт мамлекеттеринин эт өндүрүүчү ишканаларынын жетекчилери экинчи жолугушуусун өткөрдү. Аталган жолугушуу кыргыз-кувейт бизнес-форумунун алкагында болду. «Аль Маваши» деп аталган Кувейт мамлекеттик эт өндүрүүчү жана мал союучу компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуунун маңызы эки тараптуу кызматташуунун жаңыча алкагы болду.

Негизинен Кувейтке 30га жакын бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү келип, көп тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Кыргызстандан эт экспорттоо боюнча сүйлөшүү 2015-жылы да болгон. Анда маалымдоо ирээтинде өткөнүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди. Ал эми бул жолу кызматташуунун реалдуу багыттары талкууланды.

Кувейтте этке болгон талап жогору. Андыктан, Кыргызстандан импорт кылууга кызыктар. Бирок кызматташуунун негизги делген 2 маселеси бар. Биринчиси, этти Кувейтке туз экспорттоо. Анткени Кыргызстандан бул мамлекетке түз авиа каттам жок. Экинчи, продукциянын келип, атайын лабораторияда текшерип чыккандан кийин гана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн убакыт талап кылынып калат.

Кыргызстанда заманбап мал союучу 10дон ашык ишкана иштеп келет. Мындай жаңы ишканалар менен бардык аймактар камсыз болоору убадаланган. Учурда эт азыктарын экспорттоодо аны кабыл алуучу тарапты Кыргызстанда талапка жооп берген мал союучу жайлар бар экенине ынандыруу аракети жүрүп жатат. Өлкөдө эт менен сүт азыктарын өндүрүү жогорулаганынын себебин малдын саны көбөйүп жатканы менен байланыштырышат. Негизинен бул продукциялар Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолууда. Ал эми Ирандан сырткары, Араб мамлекеттерине чийки этти жөнөтүү акыркы жылдары ишке аша баштады.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: