Мөңгү үчүн компенсация тууралуу менен сүйлөшүү баштала элек. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Мурадил Жумадил уулу “Кумтөр” алтын кенин казган ишкана жылына Петров көлүнөн 5 миллион куб/метр суу пайдаланаарын билдирди. “Кыргызалтындын” өкүлү Петров көлүнүн суусуна жана мөңгүлөргө компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөр Суу кодекси жана суу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин гана башталаарын айтты. Жогорку Кеңеште Суу кодексине жана суу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ