20-февралда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Технология жана дизайн Киев улуттук университетине иш сапар менен барды. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.
Элчи Ж.Шарипов жогорку окуу жайдын материалдык-техникалык жагы, окутуучу бөлмөлөр, лабораториялар менен таанышып, университеттин Ректору Иван Грищенко менен жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу мамилени мындан ары өркүндөтүү тууралуу талкуу жүргүздү.
Университеттин Ректору жогорку окуу жайдын ачылыш тарыхы жана азыркы абалы тууралуу маалымат берип, анда 71 чет өлкөнүн жарандары билим алып жаткандыгы, ошондой эле, кыргыз жарандарынын жогорку окуу жайына тапшыруу жана окуучулар, мугалимдер менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндады.
Жолугушуунун аягында Тараптар билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташууну өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ