Menu

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер министр: “Жерүй” алтын кенинен мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт”

Бөлүшүү:

Эмне үчүн мамлекет эч кандай пайда көрбөйт деп коомчулукта талаш жараткан “Жерүй” алтын кениндеги маселенин күңгөй-тескейин билүү үчүн Базарбай Мамбетовду кепке тарттык.

– Базарбай мырза, “Жерүй алтын” кени неге мамлекетке пайда түшпөй турган шартта берилип калган?

– “Жерүй” алтын кенинен чын эле мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт. Анткени 2015-жылы биздин билермандар тендер уюштуруп, тендерден утуп алган компаниядан 100 миллион доллар алышкан. Тендерден утуп, ал кенди иштетүүгө юридикалык жактан ээ болгон компания менен эмнегедир кенди иштетүүнүн шарттарын аныктаган башкы макулдашуу келишимин түзүшкөн эмес. Ошон үчүн биздин бийлик аталган кенден казылып алына турган 100 тоннага жакын алтындын эч нерсесине ээ болбой турган болуп калган. Адис катары тендерди өткөргөнү, ал турсун тендерден жеңип чыккан компаниядан 100 миллион доллар алганы туура дейт элем. Себеби ал каражатты лицензия берип, кен иштетүүгө уруксат катары алдык да. Эми Кыргызстан өндүрүлгөн алтындын 50 пайызына ээ болот деген башкы макулдашкан келишимди түзбөй, маселени коррупциялык жол менен чечишкени үчүн биздин бийлик элдин алдында жооп бериши керек. Анткени булар ошол башкы макулдашууну түзбөй, мамлекетке чыккынчылык кылышты. Эгер ошондой макулдашуу түзүп, кен иштетүүнүн шарттарын аныкташканда “Жерүй” иштесин деп элге чыгып айтмакмын. Мындай шарттын бири орун албаганы үчүн Кыргызстанды тоноону максат кылгандар алтын казсын деп айта албайм.

– Кыргызстан эч нерсеге ээ болбой кала турган шартта берилген кендер “Жерүй” элеби же башка да кендер барбы?

– Өкүнүчтүүсү, “Жерүйдөн” башка да кендер ошондой шарт менен берилип кеткен. Маселен, Кеминдеги, Чаткал менен Ала-Букадагы “Иштамберди”, “Терек-Сай”, “Бозумчак” кенин иштеткен чет элдик компаниялар, биздин өкмөт менен генералдык келишим түзбөй эле алтынды казып алып кетип жатышат. Ал аз келгенсип, Ала-Бука менен Чаткалда 10дон ашык чет элдик компаниялар алтын казып жатат. Көрсө, кытайдын летописинде Чаткалдын алтындары тууралуу жазуулар бар экен. Өкүнүчтүүсү, мен мисалга алып санаган кендерди Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компаниялар иштетип жатат. Алар бюджетке тырмактай да салым кошпойт. Баарынан кызыгы, мамлекеттик геология агенттигинин жылдык отчётунда 39 алтын кенди иштетүүгө шылуун компаниялар лицензия алышканы маалым болду. Лицензия сатып алган компаниялардын бири да кен казуу колунан келбеген компаниялар. Алар жөн эле лицензияны алып коюшуп, бир-эки жыл кармап туруп башкаларга сатып баюуну көздөп жатышат.

– Мамлекет пайда көрбөгөн кендерди иштетүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Мамлекетке пайда түшпөгөн кендерди иштеткен компаниялардын лицензияларын чакыртып алуунун жолу жокпу?

– Жолу бар. Бирок ал үчүн өкмөт чечкиндүү болушу керек. Айтайын дегеним, биздин өкмөт, мамлекеттик геология агенттиги кендердин баарын талдап, келишим түзгөндөн баш тарткандардын дароо лицензиясын алып, колунан иш келген компания келгенче бербейбиз деп эле койсо болот эле. Бирок лицензия алган компаниялардын баары биздин өкмөт менен жогору жактагылардын тилин таап, көңүлүн алып коюшкан. Ошон үчүн андай кадамга бара албай кетенчиктей беришет. Ант-кени коррупциялык жол менен ошондой шартка макул болуп коюшкан. Эгер башкы макулдашууну түзүп алып, колунан иш келген компанияга кендерди берсек өкмөт да, бюджет да байыйт эле. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болуп жатат.

– “Жерүй” иштебесин деген таластыктардын тилин кантип табышты? Алар көп учурда каршы болуп, кенди иштетпей коюшчу эле го?

– Таластыктар унчукпай отурсун деп Бекмолдо айыл өкмөтүнө 170 миллион сом, Талас облусунун фондусуна 170 млн. сом, Талас районуна да 170 миллион сом беришкен. Баары биригип 7 жарым миллион доллар болот экен. Муса Бажаевдин компаниясы 7 жарым миллион доллар менен таластыктарды колго алып койгон. Таластыктар болсо бизди байытты деп унчукпай калышты.

– Базарбай мырза, Муса Бажаев Бабановдун чогуу иш кылган адамыбы же Атамбаевдин досубу?

– Бабанов менен Муса Бажаев Кыргызстанда “Альянс” деген компания түзүшкөн. Ал компания менен Кыргызстанда көп туура эмес иштерди кылышкан. 15 жыл мурда “Кайыңды кант” деген заводду сатып алышып жарактан чыгарышкан. Ал завод альянстан кийин 4-5 компаниянын колуна өткөнү менен кредит алып, каражат салса да күргүштөп иштеген баштагы калыбына келтире алышкан жок. “Жерүйдү” алгандан кийин Бабанов менен Бажаевдин компаниясы “Алтын альянс” деп атын өзгөрткөн. Муса Бажаевдин Бабанов сыяктуу Атамбаев менен да мамилеси жакшы. Экөөнүн ортосунда достук мамиле бар. Ал 2016-жылы Атамбаевдин 60 жылдыгына келген.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: