20-февралда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов украиналык жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын Президенти Т.Изовит менен жолукту. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.
Тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кыргыз-украин мамилелеринин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын жана Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциацияларынын ортосунда тажрыйба алмашуусун жана кызматташуусун, ошондой эле, текстил-тигүүчү өнөр жай продукциясын эки тараптуу өнүктүрүүсүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциацияларынын ортосунда ири тигүүчү ишканалардын жана жеңил өнөр жай тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен видеоконференция куруу макулдашылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ