Menu

Япония 340 миң чет элдик жаранды ишке чакырат

Бөлүшүү:

Японияда 1-апрелден тартып чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрү күчүнө кирет. Бул мыйзам долбоорун, андагы өзгөртүүлөрдү 2018-жылдын соңунда Япониянын парламенти кабыл алган. Ошонун негизинде Токио шаары алдыдагы беш жылдын ичинде 14 тармак боюнча 340 миң чет элдик жаранды ишке алууну пландап жатат. Ал эми буга чейин чет өлкөлүк жумушчулар атайын программанын негизинде гана кабыл алынчу. Эми жаңы мыйзамга ылайык кесиптик квалификациясы жогору жумушчулар Японияда чектелбеген мөөнөттө калууга жана үй-бүлөсүн кошо алып барууга уруксат алышат. Ал эми квалификациясы төмөндөргө өлкөдө беш жылга гана үй-бүлөсүз иштеп кетүүгө уруксат берилет. Токионун мындай кадамга барышына жапон калкынын азайышы жана жумушчу күчтүн жетишпестиги түрткү болгону айтылууда. Ошону менен катар соңку жылдары Японияга «окууга» деп мыйзамсыз келип жаткан чет элдиктерди легалдаштыруу максатын да көздөйт. Анткени мыйзамсыз барган жумушчулардын укуктары сакталбай, аз айлыкка иштөөгө аргасыз болушат. Соңку үч жылда жумуштун оордугунан 70тей “чет элдик үйрөнчүк” өз жанын кыйган.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: