Menu

82 жаштагы карыянын карегин суулагандар кимдер?

Бөлүшүү:

Калаабыздын Свердлов районунан келген бул 82 жаштагы аксакалдын арманы, даты ичине батпаганын ким болбосун жолугуп сүйлөшкөндө анык болоорунан эч күмөнүбүз жок. Аты Абдуллаев Абдрахман. Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Өзү шаардык болсо да, эл катары дыйканчылык менен оокатымды кылсам, балдарымды кем кылбасам деген максатта, 2005-жылы Аламүдүн районунан 1 гектар жер сатып алган экен. Баарын мыйзамдуу жол менен Акбар Турдиев деген жарандын өз колуна акчасын берип, документтерин алган. Баары тартип менен бүткөрүлгөн. Санаасы жок олтурган аксакалды 2006-жылы “кара кырсык” басып, ошол сатып алган мыйзамдуу жерине ээлик кылгандар чыгып, ошонун адилеттигине жетүү үчүн кара таман маңдай тери менен сатып алган жерине ээлик кыла албай, какпаган эшик, кирбеген кишиси калбаганын айтып редакциябызга келди.

Революция болуп, өлкөдөн Бакиев куулуп, бийликте башаламандык болуп жаткан кезден пайдаланып, айтор Абдрахман атанын 1 га жерин Кекиликова Чынар деген жаран өзүнүн чечекей күйөөсү Бекжан Алданбаевге каттатып алган. Кекликова Чынара өзү адвокат болуп иштеп, мыйзам тилин жакшы билет. Соттордо дагы иштеген. Териштирүүлөрдө Абдрахман атага жерин саткан-Турдиев Акбар “эч кандай ага саткан эмесмин, акчасын алган эмесмин” деп актанып, ал дагы Кекиликованын сөзүн сүйлөп жатканы, аксакалды аябай капа кылат. Айтымында, Турдиев Акбарды Кекиликованын жолдошу Алданбаев издеп таап, ага 2600 сом берип, документтерге кол койдуруп алган экен.

Кызыгы, Абдуллаевдин колунда жердин документтерине 2005-жылы эле ээлик кылган түп нускасы жүрсө, 2006-жылы Бекжан Алданбаевге таандык дагы документтин пайда болушу, документтештирүү баардык мекемелердин дагы бир топ жоопкерчилигин кароого түрткү берет. Абдрахман ата ал документтердин баары жасалган, фальшивый документтер экенин, колундагы бир топ документтер аркылуу салыштырып көрсөтүүдө.

Абдрахман аксакалдын Президент Сооронбай Жээнбековдон үмүтү чоң. Укпай жатат, укса эле териштирет дейт, чын дили менен, Кабыл албаса да, катыма жооп берип, колумда турган кызылдай чындыгы бар документтердин, ээси урдалып, башка адамдын колунда жүргөн коррупциялык жоруктардын чындыгын билсе деген тилекте.

Канча бир жерге кат таштаган менен жооптор болгон эмес. Президентке дөле кат жолдосом, жолдо калып калабы деп, редакциянын эшигин кагып, гезит аркылуу айтсам окуп калабы деген ойдо келгенин жашырган жок.

Коррупциянын жонуна камчы үйрүп жаткан Президентибиз бул аракеттерге кош көңүл карабайт го деген максатта, аксакалдын өздүк байланыш номурун да берип коюуну туура көрдүк.

(0556141473 Абдрахман Абдуллаев)

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: