Menu

Мамлекеттик сыйлыктар жетекчинин тилин тапкандарга берилип жатабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго өткөн жылдын аягында Билим берүү жана илим министри тарабынан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси берилген. Депутаттын сыйлыгы эл арасында бир топ нааразылыкты жараткан. Айрымдар 30-40 жылдап иштеген окутуучулар аталган сыйлыкты ала албай жүргөнүн айтып чыгышкан. Икрамов 1998-2000 – жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштеген. Андан кийин билим берүү тармагында эмгектенген эмес.

Эльвира Сурабалдиева, ЖКнын депутаты

Сыйлыктар татыктууларга гана берилиш керек дегенди колдоймун. Бирок, менин билишимче, андай адамдар сыйлыктын аркасынан чуркашпайт, мамлекет, коом билип, баалайт деп жүрө беришет. Биздин заманда болсо, сыйлыктарды колунда бар, же бийлик менен колдонуп, тыңыраак аткаминерлер өздөрү жеткенге аракет кылышат. Ошондуктан мамлекеттик сыйлыктардын баркы кетти. “Мен жардам бергем” деген шылтоо менен азыр бай чиновниктер, же ишкерлердин көпчүлүгү спонсорлук менен сатып алса болот экен деп чуркап калышса таң калбайм.

Айбек Бузурманкулов, активист

– Мамлекеттик сыйлыктар адилет берилбей жатат. Кээ бир сыйлыктар кошоматчы, дүжүр адамдарга берилсе, кээ бирлери сатылышы да мүмкүн. Атамбаев деле өзүнүн сыйлыкты бербеди беле. Азыр сыйлыктардын баркы кетти.

Рита Карасартова, укук коргоочу: 

– Сыйлык алуу – бул чоң жүк дегенге өтпөсөк, бул нерсенин баркы кетип баратат. Отличник, элге эмгеги сиңген деген наам, аркасынан иш чара жетишкендикти талап кылат. Эгер депутат, жок дегенде бир мектепти жаман абалдан мыкты абалга көтөрө алса, ал уникалдуу методика колдонсо, ошондо гана сыйлык алса – баалайт элек. Тилекке каршы азыр маселе андай эмес – бул өкүнүчтүү.

Темирбек Асанбеков, “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын жетекчиси
– Мамлекеттик баалоо сыйлыктар жалпы кыргыз элинин атынан ыйгарылган өтө жогорку деңгээлдеги наам. Ошондуктан бул маселеге терең маани берип, кандай шарттарда жана сапатта жарандар өзгөчөлүк ишмердүүлүгүн көрсөтө алганда мамлекеттик сый даражага татыктуу болоорун бийлик институттары окумуштуулар менен бирге аныктап, токтом аркылуу кабыл алып алышса туура болмок. Көпчүлүк , өнүккөн мамлекеттерде сыйлык, даражага көрсөтүүнүн эрежелери туура кабыл алынган. Биз дагы ошол сыйлык берүү эрежелеринин стандарттарын илимий, мамлекеттик, коомдук, спорт, маданият ж.б. тармактарда аныктап алышыбыз керек. Болбосо азыркы коомубузда болуп жаткан нааразычылыктар сыйлык алган адамдардын даражасына, кадыр баркына, терс таасирин тийгизип коет.

Айдарбек Сарманбетов, жазуучу, журналист, котормочу

– Эгерде мамлекеттик сыйлыктар, наамдар чыныгы татыктууларга ыйгарылса коомчулукта мындай, көпчүлүгү нааразы ача пикирлер жаралмак эмес. Демек, сыйлангандардын арасында (баары эмес) амалкөйлүк жол менен алгандар бар. Алтургай алар кабат-кабат, улам эле сыйланып жатышат, чындап эмгек сиңирген татыктуулар эч бааланбай калышууда. Бир эле мисал: сыйлыктарды, наамдарды ыйгаруу жобосунда “эл аралык сыйлыктардын ээлерине артыкчылык берилет” делет. Т.Мадылбай, Р.Каримов (мен да) сыяктуу саналуу гана жазуучулар жарым кылымдан аракетинин аркасында эл аралык сыйлыктарды жеңип алышкан, ошондой баалуу чыгармаларды жаратышкан. Алардан мамлекетибиздин, элибиздин аты чыгып, адабиятыбыз таанылып, ага омоктуу салым кошулган. (Ч.Айтматовдун жолу улантылып келет). Алардын ат башындай эмгеги жок дегенде грамота менен бааланган жок. Башка өлкөлөрдө алар менен катар сыйлыктарга ээ болгондорго мамлекеттик наамдар да, сыйлыктар да дароо ыйгарылып, уй, автоунаа сыяктуу материалдык да чоң колдоо, ыраазычылыктар көрсөтүлгөн. Маселен, Ч.Айтматов боюнча үчилтик роман жазган Самсак Станалиев улуу жазуучунун мааракесинде жылуу сөзгө да арзыбай, эч эске алынган жок. Неге?! А.Жакыпбеков, А.Саспаев, К.Ташбаев сындуу кыйла таланттарыбыз татыктуу бааланбай, көзү ачык кетишти. Мына нааразылыктардын башаты кайда? Айтса мисалдар көп. Кино, сүрөт жана башка тармактарда да ошондой. Кашкөй портретист, сүрөтчү Асан Турсункулов, атагы таш жара баштаган Ита-лиянын башкы театрынын болерон жигити неге татыктуу баасын алышпайт? Спортчулар, шоу ырчылары асмандатылат да искусство, адабият эч бааланбай жатат. Тескерисинче болуусу керек эмеспи! Бизде болсо үйдө баатыр, жоодо жок, жанындагы коңшусу окуп, тааныбаган акын-жазуучулар сыйланып жатканы жашыруун эмес. Анткени, чыныгы татыктууларды иргебеген компотентсиз комиссия курамы, кол ийрисине тарткан бийлик өкүлдөрү жагымсыз кеп, жагдайларга жол берип жатат.

Кайрат Осмоналиев, юрист

– Негизи бул төш белгини ала тургандардын тизмеси министрликтин сайтына бир ай мурун илиниши керек. Ноябрь, октябрь айыныкын карасам, депутаттын аты-жөнү жок экен. Мындан сырткары, жобого ылайык, төш белги илимий-педагогикалык эмгек стажысы жалпысынан 20 жылдан кем болбогондорго берилет. Бул мыйзамды одоно бузуу. Тымызын эле берип койгон. Анын үстүнө Тазабек Икрамов билим берүү боюнча профилдик комитеттин мүчөсү. Бул жерде коррупция да болушу мүмкүн.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: