Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал Андрей Крутького кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү, аскердик-техникалык тармактарда бир катар маанилүү долбоорлорду жылдырууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдегенге кыйла салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-россиялык мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз — биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз», — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Элчи Андрей Крутько мамлекеттик сыйлык жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигиндеги жылдар абдан жемиштүү болгонун белгиледи.

«Бул жакта жумуш ар дайым кайнап турду. Бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча маселени чече алдык. Сиз менен биргеликте Россия-Кыргыз  өнүктүрүү фондунун ишмердигин оптимизацияладык, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү камсыздадык. Кыргызстандык мигранттардын Россияда жүрүшүнүн шарттарын жакшыртууга абдан көп иш жасалды — эми алар эмгек мигранттары эмес, ЕАЭБдин толук укуктуу жумушчулары», — деп айтты Андрей Крутько жана Россиядагы кыргызстандыктарды медициналык тейлөө жана социалдык камсыздоо системасына кошуу боюнча мындан аркы маселелер алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкууланарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Элчи Андрей Крутько ошондой эле Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине карата маселелер боюнча пикир алмашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: