Menu

Токтогул районунда 2,5 кг гашиш алып келе жаткан жаран кармалды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагынан 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын баңги каражаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу, жайылтуу менен алектенген  кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү аяктады.

22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Чычкан” стационардык постунан “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Жеңил автоунааны 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун  тургуну М.О. аттуу  башкарып келе жаткан. Автоунаанын ичин текшерүүгө алган учурда 190 даана ширеңке кутучасындай даярдалган  2 килограмм 460 грамм салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылган.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: