Menu

Фото – “Алатай” жаратылыш паркына орнотулган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр жапайы жаныбарлардын саны өскөнүн далилдейт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда атайын коргоого алынган жаратылыш аймактарында жапайы жаныбарлардын санынын көбөйгөндүгү байкалууда. Муну “Алатай” жаратылыш паркында орнотулган фотокапкандарга түшүп калган жапайы жаныбарлардын жапжаңы сүрөттөрү далилдейт. Бул тууралу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Январь айында эле бул “Алатай” жаратылыш паркына БУУнун өнүгүү программасынын Батыш Тян-Шандагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо долбоорунун жардамы менен жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү жана эсепке алуу максатында 6 фотокапкан орнотулган.

Фотокапканга түшкөн сүрөттөр бул паркта сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрү байырлаганын тастыктайт.

Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, “Алатай” жаратылыш паркынын аймагында жапайы камандардын саны өскөн. Буга чейин бул жерде жапайы камандар жок болчу.

Жакында жаратылыш паркынын кызматкерлери парктын бүт аймагына дагы кошумча 6 фотокапкан орнотушту.

“Алатай” жаратылыш паркынын жалпы аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Бул жерде Кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулар менен жабырлардын баары: ак илбирс, ак тырмактуу тянь-шань аюусу, бүркүт, кара жору, гималай жорусу, индия кирписи, кундуз жана башкалар байырлашат.

Ошондой эле бул аймакта омурткалуу жаныбарлардын 200 түрү, жыландар, канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдүн 30 түрү жана өсүмдүктөрдүн 260 түрү (анын ичинен 14 түрү дары чөптөр) катталган.

Азыркы күндө Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын 400 түрү мекендейт, анын ичинен 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: