Menu

Алматы соту Адил Тойгонбаевдин мүлкүн конфискациялоо жөнүндөгү чечимди жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Алматы шаардык соту Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин улуу кызынын мурдагы күйөөсү, казак жараны Адил Тойгонбаевдин мүлкүн конфискациялоо боюнча төмөнкү инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Tengrinews агенттиги кабарлагандай, 20-февралда апелляциялык комиссия адвокаттын жеке доосун канааттандырып, Медеу райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Тойгонбаевдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кескен. Мындан тышкары аны “Эл аралык Манас аэропортуна” 677 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлагандай, Тойгонбаевдин расмий каттоодо турган жери боюнча Медеу райондук сотуна “соттолуучунун мүлкүн конфискациялоо жана материалдык чыгымдарды Кыргызстандын пайдасына өндүрүп берүү” өтүнүчү жөнөтүлгөн.

Алматы шаардык сотунун маалымат катчысы Диас Махамбетовдун билдиришинче, чечим Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык чыгарылган:

– Биринчи май райондук сотунун доо арызы Казакстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүлүшү керек болчу. Ал чет өлкөлүк соттун өкүмүн аткартууга сунуш берүүгө укуктуу жалгыз орган. Буга байланыштуу апелляциялык сот мыйзам нормалары сакталбагандыктан, биринчи чечимди жокко чыгарды.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптан кийин бозгунга кеткен Адил Тойгонбаев “Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген” деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага “алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган” деген да күнөөлөр тагылган.

2016-жылы аны Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол аны Дубайда бир аз убакытка кармап, кийин күрөөгө бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: