Menu

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Вьетнамга сапар алды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп 25-февралда Вашингтондон Вьетнамга учуп кетти. Ал бул жакта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен экинчи саммиттин өткөрөт.

Эки өлкөнүн башчылары 27-28-февралда корей өзөктүк программасын талкуулоо үчүн Ханой шаарында жолугушат.

Трамп Вашингтондон чыгар алдында Твиттерге “денуклеаризациядан кийин Түндүк Корея бат эле экономикалык өсүштүн генератору болот. Ансыз – мурда кандай болсо, ошондой бойдон калат. Төрага Ким туура чечим кабыл алат”, – деп жазды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн чопкутталган поезди менен Пхеньяндан Ханойго 23-февралда жөнөп кеткен. Вьетнамга 26-февралда жетет.

Алгачкы саммит былтыр 12-июнда Сингапурда өткөн. Анда эки тарап “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” үстүртөн макулдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: