Menu

Ыңгайсыз суроо: «Кыргызалтын» ишканасынын мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловго: Сиз «Кумтөр» маселесинде «сүттөн» аксызбы?

Бөлүшүү:

Акыркы учурда Дастан Сарыгулов деген аксакалыбыз «Кумтөр» боюнча жыландын башын кылтыйтып, бир нерселерди божурап койчу болду, кудум элге күйгөн кишинин образында. Анчалык кыйын экен, айтчу сөзүн ошол учурда эле айтпайбы, тымпыйып олтура бербей…

Ушул жылдын башында «Кумтөр» кенине байланышкан жыйында Сыймык аттуу юристтин билдирүүсү элди катуу сестендирген, андан кийин Орозбек Дүйшеев менен Темир Сариевдин айткандары ого бетер бетин сыйрып салды. Иштин чын чынына келсек, «Кумтөр» алтын кенин канадалыктарга карматкан иштин анабашында Сарыгулов турганы ачык билинди. Тактап айтсак, 1992-жылы Дастакең «Кыргызалтындын» башчысы болуп турган кезде алтын иштетүүгө тажрыйбасы жок болгонуна карабай «Камеко» компаниясы менен Торонтодо келишимге кол коюптур. Эч кандай конкурс уюштурбастан «Камеконун» колуна кыргыздын алтынын карматып, андан сырткары аларды баардык салыктардан, төлөмдөрдөн бошоткон. Бул кыянатчылык жамы кыргызга жасалган чыккынчылык эмей эмне? Комбинат салынып бүткөнгө чейин, иштегенден баштап 5 жылга чейин дагы салыктардан бошотулуптур. Мындай адамдар, кыргызга каршы келишим түзгөн нойондор сөзсүз жоопко тартылышы керек да. ЖЭБди модернизациялоо келишимин түзгөн аткаминерлерге окшоп.

—Дастан Исламович, сиз «Камеко» жетекчиси Хаменюктан ай сайын 200 миң доллар талап кылып турчу экенсиз, бул чынбы? Ал кылыгыңызды тастыктаган кат бар экенин билесизби? Сиз азыр жашаган хансарайыңызды «Кумтөрдөн» келип турчу каражатка салгансызбы? Деги эле, «Кумтөр» келишимдеринде «сүттөн» аксызбы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: