Menu

Ыңгайсыз суроо: Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаевге: Ай сайын Ош базардан канча каражат сол чөнтөгүңүзгө түшүп турат?

Бөлүшүү:

Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда тыпырайып тартипке, таптаза болуп иретке келген Ош базарынын санитардык абалы учурда кооптуу чекке жетти. Тамак-аш саткан жерлерде кийим-кече, айна-самындарды аралашып калды. Эң жаманы мөмө-жемиштер сатылган жайлардын жанында ажаткана турганы болууда. Маселен, Токтогул көчөсүндө жыты каңылжаарды жарган даараткананын жанында алма, жүзүм, банан ж.б. сатылып жатат. Муну Бишкек шаарынын Ленин районун акими Нурдин Тынаев көзөмөлдөш керек эле, ал чабалдыгын көрсөттү. Жок дегенде бир базарды ирээтке келтире албаган неме кайсы арына аким болуп отурат? Жайма базар карасаң көчөлөргө батпай жайылып кетти. Тачке менен соода кылгандар көчөлөргө жык-жыйма толуп, быкшып турат. Ал эми Тынаев тыйбастан, ээн-эркин кое бергени неси? Эгер калп десе жооп берсин да.

—Нурдин Раатбекович, Ош базардын ички жолдорунда каз-катар тизилип тачке менен турган соодагерлерден алчусун алып, капчык кампайтып жатканыңыздар чынбы? Жашыруун болбосо кунумдук «кирешеңиз» канча сом? Ош базарды тартинке келтирүүдө алакан жайып, «Балдарым ачка, жумушум жок, айла жок чыктым десе биз түшүнүүгө макул болобуз» деген жообуңуз жон гана актануу эмеспи. Бул аракетпиңизди коррупцияны калкалоо деп түшүнсөк болобу?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: