Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу Даттанууну жана нааразылыкты кароочу комиссия паспорт боюнча тендер тууралуу даттанган германиялык «Muhlbauer ID» жана франциялык «IDEMIE Franсe» компанияларынын арызын негизсиз деп тапты. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий порталынла жарыяланды.
Даттанган эки компания кыргыз жарандарынын электрондук паспортуна бланктарды камсыздоо боюнча тендердин жыйынтыгын мыйзамсыз деп табууну талап кылышкан. Тенлерлен жеңилген фирмалар сынак эреже бузуу менен коштолуп, литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы мыйзамсыз жеңген деп эсептешет. Мамлекеттик каттоо кызматы жана жеңүүчү компания мындай жүйөлөрдү четке каккан. Германиялык жана франциялык компания комиссиянын корутундусуна каршы сотко кайрыларын билдирди.
Жаңы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр 1 миллиард 263 миллион сомго тендер жарыяланган. Конкурстук комиссия быйыл 1-февралда тендер жыйынтыгын жарыялап, литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясын жеңүүчү деп тапкан.
Тендердин документтерине ылайык бланктарды чыгарыш үчүн «Muhlbauer ID Servicer» 686 миллион 772 миң 250 сом, «Гарсу пасаулис» 940 миллион 150 миң сом, франциялык «IDEMIE Franсe» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуш кылган.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ