Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу энергетикалык зор потенциалын жана аймактын өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкууланды.

Белгилегендей, тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды өз ара пайдалуу жөнгө салууну камтып, өнүгүүнүн оңтойлуу динамикасына жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө дал келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүү жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: