«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында бугүнкү күндө 12 миң 433 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министиринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында учурда Ички иштер министри жол эрежесин бузуу боюнча протоколдорду түзүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө жол эрежесин бузуучуларга бир да кат жибериле элек.
Эске салсак, 18-февралга карата жол эреже бузгандар 9,7 миң болгон болчу.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ