“Быйыл январдан тартып, жаңы кодекстр күчүнө киргенден баштап, Ош базарында элдер көчөгө түкүрүнбөй калышты. Мен бош убактымда шапкемди баса кийип, Ош базарынын айланасын, Кулиева жана Бейшеналиева көчөлөрүн, кыдырып чыгам”, – деп билдирди бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунда.
“Ал тегеректе элдер жерге түкүрүнбөй тартиптүү боло түшүптүр. Мен муну менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жагынайын деген оюм жок, бирок элдер мындан ары көчөгө түкүрүнбөй каларына ишендим”, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ