“Ата-Мекен” партиясынын капчыктуу өкүлү, экс-элчи Кылычбек Султанов өзүнүн социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасы аркылуу “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаровду колдоого чакырды:
“Мекендештер! Көптөн бери ФБда пикир калтыра элек элем…
Менин оюмча, азыркы учурда бийликке жагалданбаган, бийликтен жалтанбаган абройлуу оппозициялык жалгыз гана саясатчы АДАХАН МАДУМАРОВ калды. (Атамбаев, Текебаев, Жапаров тууралуу өзүнчө жазам…)
Дал ошол позициясы жана даражасы үчүн Мадумаровго карата укмуштуудай каралоо кампаниясы жүрүүдө.
Мекенибизде авторитардык, диктатордук жана кландык бийлик биротоло тамыр жайып кетпеши үчүн Мадумаровго болгон жеке мамилеңерге карабастан аны колдоого чакырам!
Бийлик мамлекетибиздин ресурстарын оппоненттерине каршы эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө, элибиздин жыргалчылыгына жумшоого милдеттүү”, – деп жазат Кылычбек Султанов.
Кыязы, келерки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында атамекенчилердин айрым бир бөлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулуп кетчүдөй.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ